Жума күнү кечинде жеңил машине Рождество жарманкесиндеги кишилерди тебелеп кеткен. Эртеси полиция анын Германияда дээрлик 20 жылдан бери жашап келаткан сауд арабиялык дарыгер экенин билдирген.
Ишембинин кечинде Магдебург шаарынын чиркөөсүндө кол салуунун курмандыктарын эскерип таат окулду. Иш-чарага Германиянын президенти, канцлери, маркумдардын жакындары, жергиликтүү тургундар катышты.
Калаанын расмий өкүлү Ронни Круг каза тапткандардын арасында 9 жаштагы бала болгонун, 41 киши оор жараат алганын билдирди.
Бийликтин маалыматына караганда, кылмышка шектүү адам жуманын кечинде, жарманке кымгуут жаткан маалда үч мүнөттөй машинесин катуу ылдамдыкта айдап, жолундагы кишилерди тебелеп жатты.
Айдоочуну көп узабай колго түшурүштү. Видедо анын колун көтөрүп машинесинен чыгып, жерге жатканын көрүүгө болот.
Шектүү 50 жаштагы теги сауд арабиялык психиатр экени маалымдалды. Жергиликтүү медиа анын атын Талеб А. деп жазды.
Полиция ал элди атайылап тебелеген, өз алдынча аракеттенген деп эсептейт. Анын машинесинде жардыргыч зат табылган жок. Бирок кылмышка кандай себеп түрткөнү белгисиз.
Магдебургдун прокурору Хорст Вальтер Нопенс ишемби күнкү пресс-конференцияда шектүү сурак берип жатканын, ага адам өлтүрүү, ден соолукка оор залака келтирүү боюнча айып тагылды.
Германиянын башка жерлеринде Рождество алдындагы жарманкелерде коопсуздук чаралары күчөтүлдү, бирок Магдебург шаарынын бийлиги салтуу майрамдык жайларды жабууну чечти.
Трагедия болгон жерге гүл, шам алып келип жаткан жергиликтүүлөр маркумдарды жоктоп, коопсуздук абалына тынчсызданганын айтып жатышты.
Шектүүнүн келгин экени маалым болгондон кийин ашынган оңчулдардын жүз чакты өкүлү шаардын көчөлөрүнө чыгып, мигранттарды үйлөрүнө кайтарууну талап кылышты.
Кол салуу Германияда февралдагы шайлоо алдында ансыз да курчуп турган коопсуздукка жана иммиграцияга байланышкан талаш-тартыштын отуна май тамызышы мүмкүн.
Элдин пикирин сурап билүүлөрдөн ашынган оңчулдар көп добуш топтошу ыктымал деп болжолдосо болот.
Ошол эле маалда Германиянын ички иштер министри Нэнси Фезер шектүү исламга каршы көз караштарды карманганын айтты:
"Тергөөнүн азыркы этабында кылмышты жасаган киши исламофоб экенин так айта алабыз. Биз муну тастыктай алабыз. Калган нерселер иликтенип жатат. Анын жыйынтыгын күтөлү".
Бирок ал кайсы саясий күчтөрдүн мүчөсү болгонун ачыктоодон министр баш тартты.
Саксония-Анхальт аймагындагы радикалдашуу жана зомбулукту алдын алуу бейөкмөт уюмунун өкүлү Ханс Голденбаум шектүү социалдык медиада таанымал экенин "Рейтер" агенттигине айтты:
“Шектүүнүн теги, 50 жаштагы сауд арабиялык келгин деген башка негизги маалыматтар, аты Талеб экени аныкталгандан кийин ал өзүнүн интернеттеги активдүүлүгү менен таанылган киши экенин билүүгө көп убакыт кеткен жок. Ал айрыкча глобалдык оңчул экстремизм чөйрөсүндөгү исламга каршы ишмер катары таанылган. Биз анан бул версияны тез эле бышыктап, териштирүүбүздү уланттык”.
"Рейтер" анын Х тармагындагы постторун текшерип чыкканда исламга каршы маанайды жана ашынган оңчулдарды колдогону, Германиянын саудиялык качкындарга кылган мамилесин сындаганы ачыкка чыкты.
Маалыматтарга караганда, ал немис жергесине 2006-жылы окууга келип, 2016-жылы качкын макамын алган. Шектүүнүн ал өлкөдө туруктуу жашоого уруксаты бар.
Германияда Рождество алдындагы жарманкелерди буга чейин да бутага алган каргашалуу окуялар болгон. 2016-жылы теги тунистик киши Берлинде жүк ташыган унаасы менен элди тебелетип кеткенде 12 киши өлгөн. Ага чейин Анис Амри Германияда башпаанек ала албай калганы маалым болгон. Полиция ошондо анын радикал исламчылар менен байланыштарын аныктаганын билдирген. Амри бир нече күндөн кийин Италигя качып өтүүгө аракеттенгенде атып өлтүрүлгөн.