Кыргызстанда бай-кедей ажырымы эки эсе өстү

Кыргызстанда социалдык ажырым күчөп баратат. Үч жыл мурун эле калктын эң бай катмары кедейлерден 5 эсе көп киреше тапчу. Учурда бул айырма 10 эседен ашты. Бул КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн арасында эң чоң ажырым. Кыргызстанда байлар байып, жакырлар ого бетер жакырланып кеттиби?

Бай, кедей деген ким?

Рыноктук экономикада эл ар кандай шартта жашаганы табигый көрүнүш. Бирок капиталисттик өлкөлөр да социалдык ажырымды азайтып, орто классты түзүүгө умтулат. Ал үчүн жакыр катмарды колдоп, байларга көбүрөөк салык салуу сыяктуу түрдүү механизмдер колдонулат. Муну менен эл ичиндеги ресурстарды колдон келишинче тең бөлүштүрүүгө аракет кылышат.

Кыргызстанда калкты бай-кедей деп бөлгөн так көрсөткүчтөр жок.

Улуттук статистика комитети элдин жашоо деңгээлиндеги айырманы аныктоо үчүн калкты 20%дан беш топко бөлүп карайт:

  • I - эң көп киреше тапкан 20% катмар
  • II - 20%
  • III - 20%
  • IV - 20%
  • V - эң аз киреше тапкан 20% катмар.

Албетте, бай катмардын кирешеси башкалардыкынан көп. 2023-жылы элдин кирешелеринин жарымы (48%) биринчи топтун колуна тийген. Ал эми эң кедей катмар 4,6% гана алган.

Жөнөкөй мисал менен карасак. Компанияда 100 адам иштейт дейли. Алар биригип жылына 100 млн сом айлык алат:

  • 20 адам 48,3 млн сом
  • 20 адам 23,3 млн сом
  • 20 адам 14,5 млн сом
  • 20 адам 9,2 млн сом
  • 20 адам 4,6 млн сом.

Башкача айтканда, биринчи катмар менен акыркы катмардын ортосундагы айырма 10,5 эсе. Ар кимиси жөндөмүнө жана тажрыйбасына жараша маяна алаары талашсыз. Бирок ажырым өсө берсе, жамааттын ичинде нааразылык чыгаары турган иш. Андыктан компания кызматкерлерге колдон келишинче бирдей шарт түзүүгө аракет кылышы маанилүү.

Кыргызстанда байлар менен кедейлердин кирешесиндеги айырма өтө чоң. Анын үстүнө бул ажырым барган сайын күчөп бара жатат.

Стастистикалык маалыматтарда 2020-жылы эң бай катмар эң кедей катмардан 5,9 эсе көп киреше тапкан болсо, кийинки жылдары бул айырма өсүп отуруп, 2023-жылы 10,5 эсеге жетти. Салыштырсак, Евробиримдикте жана коңшу Казакстан, Өзбекстанда бул айырма 5 эсеге жетпейт.

Байлар көбөйдүбү же кедейлерби?

Бул көрсөткүч сөзсүз эле байлар ого бетер байып, жакырлар мурункудан да жакырланып кетти дегенди билдирбейт. Эки катмардын тең кирешеси көбөйсө да, ажырым өсө бериши мүмкүн.

“Кыргызстанда эң көп киреше тапкан 20% катмардын да, эң аз киреше тапкан 20% катмардын да кирешелери өсүп жатат. Бирок биринчи катмардын кирешелери бир топ көбүрөөк өсүүдө”, - дейт Улуттук статистика комитети “Азаттыкка” берген комментарийинде.

Башкача айтканда, бай-кедейлердин ажырымы жашоо деңгээли кандай өзгөрүп жатканын көрсөтпөйт. Бирок киреше эл ичинде башкача бөлүштүрүлө баштаганын, көбүрөөк бөлүгү бай катмарга тийип жатканын айгинелейт.

Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли да өстү. Расмий статистикага ылайык, 2020-жылы калктын 25,3% жакыр деп эсептелсе, 2023-жылы 29,8%га чейин жетти. Иллюстрациялык сүрөт.

Бул эмнеге маанилүү?

Ажырымдын өсүшү, биринчиден, экономикалык кесепеттерге алып келет. Байлыктын чоң бөлүгү чакан бир катмардын колуна топтолуп, элдин көпчүлүгү экономикалык өсүштүн кыймылдаткычы боло албай калат. Ал эми дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, байлардын байышы өзүнөн өзү ылдыйкы класстарды тартып кетпейт. Тескерисинче, мамлекеттин кийлигишүүсүз ажырым күчөй берет. Кедей катмар керектөөнү өстүрбөйт, анын төлөө жөндөмү төмөн болот.

Экинчиден, социалдык кесепеттерге алып келет. Жакыр катмар сапаттуу кызматтарды ала албайт. Билим берүү, саламаттык сактоо системалары аксайт. Мисалы, Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматында кедей катмарда аялдардын төрөт учурундагы өлүмү кыйла жогору болот, гендердик теңсиздик күчөйт. Мунун баары жакыр катмардын адамдык потенциалын чектейт. Бир коомдо жашаган элдин чакан бир бөлүгү байыгандан байып, ал эми көпчүлүгү жакырлана бериши катмарлар ортосундагы кастыкты пайда кылат, мамлекеттик башкарууга нааразылык жаратат.

2020-жылдагы коронавирус пандемиясы дүйнө жүзүндө теңсиздикти күчөттү. Архивдик сүрөт. Индия, Мумбай.

Мындан улам өлкөлөр ар кандай механизмдерди колдонуп, элдин жашоо-турмушун болушунча теңегенге умтулат. 2015-жылы дүйнө лидерлери 17 максаттан турган туруктуу өнүгүү программасын кабыл алышкан. Анын бири социалдык ажырымды кыскартууга багытталган.

“Социалдык ажырым аз өлкөлөрдө графика лимон формасында болот – үстүндөгү байлар аз, астындагы кедейлер да аз, ал эми ортосундагы элдин көпчүлүгүн орто класс түзөт. Бардык өлкөлөр ушул формага умтулат”, - дейт “Азаттыкка” берген маегинде социология илимдеринин кандидаты Кайрат Жамангулов.

2020-жылдагы пандемия дүйнө жүзүндө теңсиздикти күчөттү. Эл аларык эмгек уюму билдиргендей, ал жылы миллиардерлердин байлыгы 3,9 триллион долларга өсүп кетсе, жумушчу класстын кирешеси, тескерисинче, 3,7 триллион долларга азайган.

“COVID кризиси өтө бай катмар менен калган элдин ортосундагы ажырымды күчөтүп салды. Бирок мамлекеттердин кийлигишүүсү жакырчылыктын массалык түрдө өсүшүн алдын алды”, - деген пикирде изилдөөчү Лукас Чансел.

Коронавирус пандемиясы дүйнө жүзүнө таасир этти. Бирок Кыргызстан, көп өлкөлөрдөн айырмаланып, социалдык ажырымдын өсүшүнө туруштук бере албай келатат.