Кыргыз-тажик чек арасы: Өкмөттүк топтор Дүйшөмбү шаарында жолугушту

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтору.

Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын мыйзамдуу түрдө каттоо үчүн материалдарды даярдоого киришти.

Бул тууралуу 11-19-декабрь күндөрү эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жана топографиялык жумушчу топторунун Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында болгон кезектеги жыйынында айтылды.

Кыргыз өкмөтү бул иш Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантыларын билдирди.

4-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктаган. Жумушчу топторго кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 11-декабрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча документтер Жогорку Кеңешке 2025-жылдын январь айында киргизилерин айткан.

Президент Садыр Жапаров 13-декабрда кыргыз-тажик чек арасы тууралуу маек берип, “талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) бөлүштүк. Айрым жерлерди теңме-тең алмашуулар болду”, - деп айткан.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым.

Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (BTo)

Дагы караңыз

CPJ кыргыз бийлигин төрт журналистке коюлган айыпты алып салууга чакырдыПутин Курскиде кармаштар жүрүп жатканын бышыктадыМинистр Ибраев электр энергиясынын баасы май айында көтөрүлөрүн айттыOCCRP: Президент Рахмондун небереси 9 жашында Дубайда кымбат батир алган19-декабрь: Электр жарыгынын баасы кымбаттайт, Израил Йемендин баш калаасына сокку урдуТажикстанда Баткен, Согд, Фергана облустарынын жетекчилери жолугушту