Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

CPJ кыргыз бийлигин төрт журналистке коюлган айыпты алып салууга чакырды


Азамат Ишенбеков жана Махабат Тажибек кызы сот залында. 18-декабрь, 2024.
Азамат Ишенбеков жана Махабат Тажибек кызы сот залында. 18-декабрь, 2024.

Баш кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (The Committee to Protect Journalists - CPJ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы төрт кызматкерине чыккан өкүмдү Бишкек шаардык соту күчүндө калтырганын сынга алды.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гульноза Саид кыргыз бийлигин Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбековду абактан бошотуп, Актилек Капаров жана Айке Бейшекеевага коюлган айыпты алып, көз карандысыз медиага басымды токтотууга чакырды.

Бишкек шаардык соту 18-декабрда төрт журналистке Ленин райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырган.

Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен.

Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, эки журналист сот залынан бошотулган. Абакка кесилген жана пробациялык мөөнөт берилген төрт журналисттин адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко даттанган.

Алар менен кошо айып тагылган калган жети журналисттин аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.

11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылган.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ журналисттерге “Айт, айт десе” жана Temirov LIVE баракчаларындагы материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG