Президент “Мейкин” сыйлыгын тапшырууда өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин кайталады

Садыр Жапаров “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу иш-чарасында. 17-декабрь, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин кайталап, журналисттерди маалымат таратууда жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчы 17-декабрда медиа жана журналистика жаатында быйыл биринчи жолу уюштурулган “Мейкин” сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш-чарасында айтты.

“Коррупция болсо иликтеңиздер, биздин кемчилик болсо жиликтеңиздер, ачыкка чыгара бергиле. Коомчулуктан жашыра турган эч нерсебиз жок. Бирок “дейт, Алмакан эжем айтып атпайбы” дебей материалдарыңардын жок дегенде 90% далилдерди чогултуп алып чыгарсаңыздар мага да жардам болот эле”, – деди президент.

Бул сыйлык журналистика жаатындагы чыгармачылыкты колдоо жана кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу, журналисттердин илим, билим берүү, медицина, маданият, спорт, экономика, экология, туризм, айыл чарбасы, өнөр жайы жана башка чөйрөлөрдөгү чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү максатында деген негиз менен быйыл биринчи жолу уюштурулду.

Быйыл “Бир эл – бир түндүк” жана “Куттуу элет” номинацияларын УТРКнын, “Керемет Кыргызстан”, “Кыргызстанда чыгарылган” (Made in KG) номинацияларын ЭлТР телеканалынын кызматкерлери алды.

“Салык – өнүгүүгө салым” “Акчабар” медиа порталына, “Таза Мекен” эркин журналист Улан Эшматовго, “Билим – келечек” “Кут билим” гезитине, “Мекен жана мен” “МИР” телерадио компаниясынын кабарчысына, “Мекендештер” ютуб-блогер Дооронбек Атадахановго, “Сергек жашоо” сыйлыгы “Спутник Кыргызстан” маалымат агенттигинин кызматкерине берилди.

Сыйлыктын байге фонду 10 миллион сом. 10 номинациянын ар бир жеңүүчүсүнө 1 миллион сомдон тапшырылды. Жеңүүчүлөрдү мамлекеттик органдардан эки өкүл, көз карандысыз маалымат каражаттарынан жана жогорку окуу жайлардан 9 адам кирген комиссия аныктады.

Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.

Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам боюнча ЖМКга чыккан кайсы бир маалымат боюнча арыз түшсө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги соттун чечими жок эле медианын ишин эки айга токтотуп, сайтын бөгөттөп коё алат.

Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен.

Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, эки журналист сот залынан бошотулган. Калган жети журналисттин аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.

11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылып, алар коюлган кинени четке кагышкан.

Социалдык тармактарда өзүнүн пикирин жазганы үчүн соттолуп же кылмыш иши козголуп, сот жообуна тартылгандар же тергөө абагында отургандар да бар. Коррупцияга каршы бир катар иликтөөлөрү менен таанылган “Клооп Медиа” коомдук фонду сот чечими менен жабылган. (BTo)

Дагы караңыз

Ташиев Кыргызстанда Сербиянын эки жараны кармалганын ырастады Депутат Абакиров медреседеги балдардын билимин көзөмөлдөөнү сунуштады Түштүк Корея: Бийликтен убактылуу четтетилген Юн Сок Ёл суракка чакыртылды Москвадагы жардырууда генерал Кириллов набыт болдуМушкер Мунарбек Сейитбек уулу жөнүндө тасма тартууга сынак жарыяландыТашиев Садыр Жапаров дагы "эки жолу президенттикке койгонго укугу бар" деп эсептейтСотто Самат Матцаковдун адвокаттарынын арызы карала баштады