Москвадагы Рязань проспектисиндеги жардырууда Орусиянын Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо күчтөрүнүн башчысы, генерал-лейтенант Игорь Кириллов жана анын жардамчысы набыт болду.
Бул тууралуу Тергөө комитети билдирди. Окуя 17-декабрдын таңында болгон. Телеграм-каналдар жарыялаган сүрөт-видеолордо көп кабаттуу үйдүн кире беришинде эки адамдын сөөгү жатканын көрүүгө болот.
Тергөөнүн версиясына караганда, жардыруучу зат үйдүн кире беришинде токтоп турган самокатка коюлган. Окуя болгон жерде тергөөчүлөр жана криминалисттер иштеп жатат. "Теракт" беренеси боюнча кылмыш иши козголгону кабарланды.
Тергөөнүн версиясына ылайык, жардыруу артында Украинанын атайын кызматтары турат. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы жазды. Расмий бул эч жерде айтыла элек. Киев азырынча орусиялык генералдын өлүмү тууралуу билдирүү жасаган жок.
16-декабрда Украинанын Коопсуздук кызматы Кирилловду сыртынан шектүү деп жарыялаган. Мекеменин маалыматында, ал украиналык аскерлерге каршы химиялык куралдын колдонулушу үчүн жоопкер.
Тактап айтканда, анын буйругу менен согуш башталгандан бери Орусия 5 миң жолу химиялык курал колдонгону маалым болгон.
Кириллов Украинада химиялык куралдын колдонулушуна байланыштуу Британиянын санкциялык тизмесине киргизилген. Буга чейин АКШ жана анын союздаштары да Орусия украиналык аскерлерге каршы хлорпикрин затын колдонгон деген тыянакка келген. Кириллов 54 жашта эле. Ал радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу күчтөрүн 2017-жылдан бери жетектеп келген.
Шерине