Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы Париж Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун жеңиши тууралуу көркөм тасма тартуу үчүн сынак жарыялады. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.
Тасма Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия мамлекеттери менен бирге тартылат. Жеңүүчүнү үч мамлекеттин өкүлдөрүнөн турган комиссия аныктайт. Сынак жөнүндө толук бул жерден окуңуз.
Париж Олимпиадасында Мунарбек Сейитбек уулу 57 кг салмакта финалдык беттеште өзбекстандык дүйнө чемпиону Абдумалик Халоковдон жеңилген.
Олимп оюндарындагы спорттун бул түрүнөн Кыргызстандын алгачкы ийгилиги болуп калды. 28 жаштагы Мунарбек Сейитбек уулу финалга чейин жеткен биринчи мушкер. Буга чейин кыргызстандык мушкерлер Олимп оюндарында чейрек финалдык беттештерге чейин гана жеткен.
Мунарбек Сейитбек уулу – бокс боюнча 2023-жылдагы Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү (2024-ж.). Жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медал уткан (2018-ж.). Беш жолу Кыргызстандын чемпиону болгон. Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. (TSh)
Шерине