Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетти

Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-декабрда кызматтан кеткени кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыктын” өздүк булактары билдирди. Маалыматка караганда, ал президенттик администрациянын жана өкмөттүн мүчөлөрү менен 16-декабрда коштошту. Бул маалыматты өкмөттөгү жана парламенттеги бир нече булактар ырастады.

Анын кызматтан эмне себептен кеткени расмий айтыла элек.

Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинети 2021-жылдын октябрь айында кызматка киришкен.

2005-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп, парламенттеги таасирдүү Бюджет жана финансы комитетин жетектеген Акылбек Жапаров 2005-жылдагы Жоогазын ыңкылабынан кийин финансы министри, экономика жана соода министри, биринчи вице-премьер-министр болуп эмгектенген.

2010-жылы Апрель ыңкылабынан кийин “Ар-намыс” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган. Бир жыл өтпөй коалициялык өкмөттүн курамында кайрадан финансы министри болуп бекиген. 2015-жылы “Бир Бол” партиясы менен кайрадан депутаттыкка шайланган.

60 жаштагы Акылбек Жапаров үч жылдан ашык өкмөт башчы болуп иштеп, Кыргызстандын тарыхындагы эң узак мөөнөткө иштеген премьер-министрлердин бири болуп калды. (BTo)

Дагы караңыз Акылбек Жапаров өкмөт башчылыктан кетти

Дагы караңыз

Аракеттеги медиа платформасы бийликти адвокат Матцаковду бошотууга чакырдыБишкекте автоунаа токтотуучу жайы жок курулуштарга уруксат берилбейтТогуз-Торо районунда Саймалуу-Таш мектеби өрттөнүп кеттиКерчь кысыгында Орусиянын май ташыган эки кемеси кырсыкка кабылдыИранда жылаң баш ырдаганы үчүн камалган кыз бошотулду АКШда сот TikTokту жабуу мыйзамын күчүндө калтырды