Коомчулукта анын иштен кетиши күтүүсүз окуя катары бааланууда. Бул Салык кызматындагы коррупциялык иш иликтенип жаткан учурга туш келди.
Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан бошотулганы расмий ырасталды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта Акылбек Жапаров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулганы айтылат.
Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Адылбек Касымалиев өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткарат. Аны кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Өкмөт ишин уланта берет.
Кыргызстандын кызматтан кетип жаткан өкмөт башчысы Акылбек Жапаров өлкөнүн саясий аренасында узактан келе жаткан жана ар тараптуу тажрыйба топтогон фигура катары белгилүү.
Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы кызматына 2021-жылдын октябрь айында киришкен.
60 жаштагы саясатчы өлкөнүн тарыхында өкмөттү салыштырмалуу узагыраак башкарган жетекчи катары калды. Буга чейин Апас Жумагулов гана өкмөттү андан узагыраак жетектеген.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жапаровдун отставкасы тууралуу Фейсбук баракчасына буларды жазды:
"Президент Садыр Жапаров өзүнүн Администрациясы жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин ротациясы боюнча чечим кабыл алды. Бул чечим логикалуу жана өлкөнүн тез өнүгүүсүнө жаңы дем берүү, мамлекеттик башкаруу стилин жана социалдык-экономикалык өнүгүүнү жаңылоо максатын көздөгөн каалоосунан улам кабыл алынган. Акылбек Жапаров өз ишмердүүлүгү менен өлкө тарыхына эң көрүнүктүү мамлекеттик ишмер катары кирээри талашсыз. Ал көз карандысыздыктын алгачкы отуз жылында топтолгон баа жеткис тажрыйбаны өткөрүп берүүдөн тышкары, бийликтин бүтүндөй вертикалын кайра калыптандырып, эффективдүү жана адилеттүү башкаруунун үлгүсүн көрсөтүп, мамлекеттик аппаратка эң жогорку чекти койду".
Жапаров 2005-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп, парламенттеги таасирдүү Бюджет жана финансы комитетин жетектеген Акылбек Жапаров 2005-жылдагы Жоогазын ыңкылабынан кийин финансы министри, экономика жана соода министри, биринчи вице-премьер-министр болуп эмгектенген.
2010-жылы Апрель ыңкылабынан кийин “Ар-намыс” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган. Бир жыл өтпөй коалициялык өкмөттүн курамында кайрадан финансы министри болуп бекиген. 2015-жылы “Бир бол” партиясы менен кайрадан депутаттыкка шайланган.
2021-жылы кызматка дайындалып жаткан учурда Жапаров эгемен Кыргызстандын тарыхындагы окуяларга ал да жооптуу экенин белгилеп, бар күчүн жумшап ишей турганын айткан:
“Мен биздин муундагы саясатчылар сыяктуу эле 30 жылдын ичинде өлкөбүздө болуп жаткан окуяларга жооптуубуз. Бирок азыркы биздин муундагы саясатчылар үчүн дагы бир жолу, балким, акыркы шанс берилип жатат. Мен мындай мүмкүнчүлүктү 100% колдонуу үчүн бардык күчүмдү жумшайм деп сиздерге сөз бере алам”.
Жапаровдун кызматтан кетүүсү Салык кызматындагы коррупциялык иш иликтенип жаткан учурга туш келди.
Өткөн жумада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Мамлекеттик салык кызматынын камактагы төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов салык кызматындагы коррупцияга шектелип кармалган. Ушундан кийин Алтынбек Абдувапов менен Исламбек Кыдыргычов кызматтан убактылуу бошотулган. Атайын кызмат алардын электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси экенин билдирген.
11-декабрда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи, үчүнчү окууда карап, анда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берген.
Анын алдында Жапаров Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүүнү көрсөтүп жатканын, буга 2024-жылдын 11 айында ички дүң продукциянын көлөмү (ИДП) 9% өскөнү далил болуп турганын айткан. Өкмөт башчы бул тууралуу 9-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында билдирген.
"2024-жылдын 11 айында биз өнүгүү темпин сактап гана тим болбостон, аны тездетип, макроэкономикалык туруктуулукту чыңдап, келечектеги өсүш үчүн бекем пайдубал түздүк. Биз 2025-жыл биздин амбициялуу максаттарыбызга жетүүдөгү дагы ийгиликтүү этап болоруна бекем ишенебиз. Кыргызстан алдыга жылып, кыйынчылыктарды ишенимдүү жеңип, туруктуу жана инклюзивдүү экономикалык өсүш үчүн шарттарды түзүп жатат,” – деген Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаровдун саясий жана мамлекеттик ишмердиги Кыргызстан эгемендик алган 1990-жылдары башталган.
Жапаров 1986-жылы Фрунзе политехникалык институтун инженер-куруучу адистиги боюнча артыкчылык диплом менен аяктаган. Лениндик стипендиат катары анын студенттик жылдары ийгиликтер менен коштолгон. Андан кийин, 2002-жылы Бишкек каржылык-экономикалык академиясында “Финансылык жана салык системалары, уюмдарды башкаруу” адистигин өздөштүргөн.
Акылбек Жапаровдун кесиптик жолу илим жана окутуу тармагынан башталган. 1986-1991-жылдары Фрунзе политехникалык институтунда окутуучулук ишмердүүлүк жүргүзүп, жаштар уюмдарынын активдүү мүчөсү катары коомдук иштерге да активдүү катышкан.
Шерине