Бишкек шаарында ушул жылдын сентябрь айынан баштап салына турган көп кабаттуу үйлөрдө бир батирге бир автоунаа токтотуучу жайы болушу керек деген талап киргизилгени белгилүү болду.
Бул тууралуу Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ага ылайык, мындан ары беш кабаттан бийик үйлөрдүн жер төлөсүндө машине токтотуучу жайы болушу керек. Автотоктотмосу жок болсо бардык курулушка уруксат берилбейт.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин ушул жылдын июнь айында берген маалыматына ылайык, борбордо 416 миңден ашык автоунаа катталган. Мындан сырткары шаарга кирди-чыкты машинелерди эске алганда Бишкекте күнүнө 700 миңден ашык транспорт каттайт. Ошол эле маалда калаанын жол өткөрүү жөндөмдүүлүгү 350 миң автоунаага гана эсептелген.
Борбордо транспорт маселеси, анын ичинде автоунаа токтотуучу жайлардын тартыштыгы негизги көйгөйлөрдүн бири. (BTo)
Шерине