Аракеттеги медиа платформасы бийликти адвокат Матцаковду бошотууга чакырды

Самат Мацаков. 29-ноябрь, 2024-жыл.

Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы камакта жаткан адвокат Самат Матцаковдун укуктары бузулуп жатканын билдирип, тергөө органдарына, президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады.

Кайрылууда Самат Матцаковду кармоодо бир катар процессуалдык мыйзам бузуулар болгонун, адвокаттын кармалышы кесиптик ишмердигине байланыштуу экени жазылган.

“Самат Матцаковдун камалышы жана жалпы эле адвокатурага болгон кысым укуктук мамлекетке коркунуч жаратат. Көз карандысыз адвокатура болбосо сөз эркиндигин, адилеттүүлүктү, журналисттердин укуктарын коргоо мүмкүн эмес. Бийлик Самат Матцаковду боштондукка чыгарып, куугунтуктоону токтотуу менен саясий эркти жана адилеттүүлүк принциптерине берилгендигин көрсөтөт деп ишенебиз”, - деп айтылат кайрылууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун, үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин жана журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 30-ноябрга караган түнү карап, 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган.

Атайын кызмат адвокатка козголгон иш тууралуу алты күндөн кийин гана – 5-декабрда маалымат берип, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

Самат Матцаков өзүнүн кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, күнөөсү жок экенин билдирген.

3-декабрда Кыргызстанда бир нече жактоочу Самат Матцаковго кылмыш иши козголуп, анын камакка алынышын айыптап чыгышкан. Алар маалымат жыйын өткөрүп, бул окуядан кийин адвокаттык ишмердиктин мыйзамда көрсөтүлгөн кепилдиктерине коркунуч жаралганын белгилешкен. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте автоунаа токтотуучу жайы жок курулуштарга уруксат берилбейтТогуз-Торо районунда Саймалуу-Таш мектеби өрттөнүп кеттиКерчь кысыгында Орусиянын май ташыган эки кемеси кырсыкка кабылдыИранда жылаң баш ырдаганы үчүн камалган кыз бошотулду АКШда сот TikTokту жабуу мыйзамын күчүндө калтырды Орусия менен Украина бири-бирин жардырууга айыптадыКазакстанда эки активист "бейбаштык, бийлик өкүлүнө баш ийбеген" деген айып менен камалды