Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:54

Орусия менен Украина бири-бирин жардырууга айыптады


Украинанын Днепр шаарында жардыруу болгон жерди полиция курчап турат. 14-декабрь, 2024-жыл
Украинанын Днепр шаарында жардыруу болгон жерди полиция курчап турат. 14-декабрь, 2024-жыл

Орусия менен Украинанын бийликтери өтүп бара жаткан аптадагы адам өлүмүнө алып келген жардыруулар үчүн бири-бирин айыптап чыкты.

14-декабрда полиция Днепр шаарынын борборунда болгон жардырууга шек санап, бир адамды кармаган. Жардыруунун натыйжасында бир киши өлүп, төрт адам жаракат алган. Экөө полиция кызматкери, алардын абалы оор деп айтылууда. Бийликтин маалыматына караганда, жардырууга шек саналып 37 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды, ал жардырууну Орусиянын чалгын кызматынын буйругу менен жасаган деп шектелүүдө.

Шектүү украин коопсуздук кызматы менен полициянын биргелешкен операциясынын жыйынтыгында бир нече сааттан кийин кармалды.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы 15-декабрда орустар ээлеп алган Донецк облусунда 9-декабрда болгон жардырууга шектүү адам кармалганын маалымдады. Ага ылайык, жардыруудан түрмөнүн мурдагы кызматкери мерт кеткен, анын жубайы жаракат алган. Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары шектүү жергиликтүү тургун экенин жазышты.

Орусиянын коопсуздук кызматы шектүү жардыргыч затты автоунаанын алдына коюп, аралыктан жардырганын, ал Украинанын чалгын кызматынын буйругу менен аракеттенгенин билдирүүдө.

Социалдык тармактарда Toyota Land Cruiser машинасын жардыруудан Оленовкадагы колониянын жетекчиси Сергей Евсюков каза тапканы жазылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG