11-12-декабрь күндөрү Кыргызстанда электр энергиясы мурда болуп көрбөгөндөй көп пайдаланылып, чектен ашты.
Энергетика министрлиги 13-декабрда тараткан маалыматка ылайык, кыш түшүп, күн сууктагандан тарта электр энергиясын пайдалануу күч алды. 12-декабрь күнү 3 612 мегаватт электр энергиясы сарпталды, суткалык керектөө 78,931 млн кВт саатка жетти. Министрликтин белгилөөсү боюнча электр энергиясы Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу ушунча көп пайдаланылды.
Электр энергиясы эң көп сарпталган учур былтыр 14-декабрда болгон. Ал күнү өлкөдө 3 401 мегаватт электр энергиясы сарпталып, бир суткадагы керектөө 73,370 млн кВт саатты түзгөн.
"Бирок ал күндөрү сууктун күчү −8...–20 градуска чейин төмөндөгөн, ал эми быйылкы 11-12-декабрь күндөрү суук болгону −5...–14 градус гана болду. Бүгүнкү күнү электр энергиясын ашыкча колдонуудан жабдууларга күч келүүдө. Энергетиктер абоненттердин электр энергиясын башка линияга которуусуна кеминде 1-2 саат кетет. Убактылуу өчүрүүгө туура келет. Эгер энергетиктер мындай чараларды көпбөсө, кымбат баалуу жабдуулар иштен чыгып калышы ыктымал" деп билдирди министрлик.
Маалыматта белгиленгендей, 220 киловаттык чыңалуудагы 250 мегаваттык трансформатордун баасы 1,5 млн доллар турат. Аны даярдап, жайгаштырууга 1150 календарлык күн кетет. Кайталап орнотуу 1,5 ай убакыт алат. Ошондой эле киши күчү жана көп акча сарпталат.
Энергетика министрлиги электр энергиясынын тартыштыгы жана күчү азаюусу Борбор Азиянын башка энергосистемаларында да байкалып жатканын белгилеп, керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдөөгө чакыруудан пайда болбой жатканын эскерткен.
"Электр станциялары" мамлекеттик ишканасынын гидрогенераторлору жогорку техникалык мүмкүнчүлүк жана электр энергиясын иштеп чыгууда жогорку темп менен иштеп жатат. Токтогул ГЭСиндегм реконструкцияланган №1 станция тездикте - 1 250 мегаватт менен иштеп, суткасына 27,528 млн кВт саат электр энергиясын иштеп чыкты. Суу сактагычта иштетилген суунун көлөмү күн сайын өсүүдө. 12-декабрда секундасына 932 метр куб суу иштетилген. Былтыркы жылытуу мезгилинде Токтогул суу сактагычында 11,744 млрд метр куб суу болсо, быйылкы жылытуу мезгилине энергетиктердин күчү менен 13,257 млрд метр куб суу топтолду", деп белгилеген министрлик электр энергиясын мындай темп менен сарптоо суу сактагычта суунун тез азайып, 6 млрд метр кубга жетип калуусуна алып келерин эскертти.
Мындан Токтогул ГЭСинин иши токтоп каларын билдирген Энергетика министрлиги калкты электр энергиясын болушунча үнөмдөөгө чакырды.
Эки ай мурда суу сактагычта 13,128 млрд метр куб суу болгон.
Энергетика министрлиги Кыргызстанда электр энергиясын керектөө кышында да, жайында да күч алганын, мындан улам суу көп иштетилип жатканын белгилеп, электр энергиясын кышка сактоо зарылчылыгын эскерткен.
Быйыл марттын башында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,5 млрд метр кубга чейин төмөндөгөн. Өкмөт электр энергиясын берүүнү бир нече күнгө чектеп, керектөө лимитин төмөндөткөн.
2007-2008-жылдары суу 7-8 млрд метр кубга чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген.
Адистердин айтуусунда суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтойт.(ZKo)
Дагы караңыз
АКШ Сириядагы химиялык куралды жок кылууну колдойт Чет өлкөлүк номурлуу 300 автоунаа айып короосуна киргизилди Time Дональд Трампты "жылдын адамы" деп атады"Бишкек сити": Дирекция жоюлду, мейманкана курулушу кечигүүдө