Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:35

Time Дональд Трампты "жылдын адамы" деп атады


АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп

Америкалык Time журналы "жылдын адамы" деп АКШнын шайланган президенти Дональд Трампты тандады. Басылманын материалында айтылгандай, «Трамптын саясий кайра жаралуусун америкалык тарыхта эч ким менен салыштырууга болбойт».

Авторлор Трамп июлда Пенсильванияда кол салууга туш болгонун эске салышат. Ошондон кийин республикачылардын президенттикке талапкери шайлоодо жеңип, «арсар» штаттарда ийгиликке жетип, 20 жылдан бери элдик добуш берүүнү уткан алгачкы республикачыл болуп калды.

2016-жылы да журнал Трампты "жылдын адамы" деп атаган.

Time жазгандай, журналисттер менен маектешкенде ал Украинада тынчтыкка жетишүү кыйын болорун айтты. Шайлоо кампаниясында саясатчы согушту тез токтоторуна убада кылып келген.

Шайланган президент америкалык ракеталар менен Орусиянын ичкери аймагына сокку урууга каршы экенин, Киевге көрсөтүлгөн колдоону Москвага сүйлөшүүлөрдө басымдын куралы катары пайдаланууну көздөгөнүн кошумчалады.

"Жылдын адамы" наамына талапкерлердин тизмесине Трамптан тышкары Алексей Навальныйдын жесири Юлия, АКШнын вице-президенти Камала Харрис, Британиянын каныкеси Кейт Миддлтон, миллиардер Илон Маск, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, АКШнын Федералдык резервдик системасынын башчысы Жером Пауэлл, подкасттардын автору Жо Роган, Мексиканын биринчи аял президенти Клаудия Шейнбаум жана Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг бар болчу.

Былтыр журналдын версиясында "жылдын адамы" деп америкалык ырчы Тейлор Свифт, ага чейин украин президенти Владимир Зеленский аталган.

Шерине

XS
SM
MD
LG