Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:48

Чет өлкөлүк номурлуу 300 автоунаа айып короосуна киргизилди


Автоунаа базары. Иллюстрация
Автоунаа базары. Иллюстрация

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы 13-декабрда билдиргендей, Бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөшүү башкы башкармалыгы менен чогуу өлкө аймагында чет өлкөлүк номурлуу унааларды текшерүүнү улантып жатышат.

Маалыматка ылайык, Абхазия, Орусия жана Армениянын номуру менен жүргөн унаалардын мыйзам бузуу фактыларын аныктоо үчүн айып кароо жайына токтотушууда.

Биргелешкен рейддин алкагында өлкө аймагында Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирилген 300дөн ашуун автоунаа айып кароо жайына токтотулду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда Армениядан, Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келген 15 миңдей машине бар экенин 11-декабрда парламентте билдирген. Анын сөзүнө караганда, алардын көбү өлкөгө автоунаанын тетиги деп алынып келген жана 15 миңдей машиненин 90% документи жок. Камчыбек Ташиев алардын бардыгын тең мыйзамдаштырууга болбой турганын айткан.

Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия сыяктуу өлкөлөрдөн оң рулдуу машинелер кирип жатат.

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык, Абхазиядан алып келинген автоунааларды башка бирөөгө берүү жана ишеним кат менен сатууга мыйзам жол бербейт. Машинени ЕАЭБдин аймагына киргизип жатканда убактылуу бажы декларациясы толтурулат. Бул документти бир жылдык мөөнөткө чейин алса болот. Автоунаа Кыргызстанда катталбайт.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG