Бишкекте адамдарга бычак менен кол салуу окуясын ИИМ көзөмөлүнө алды

Окуя болгон видеодон алынган скриншот.

Бишкекте адамдарга бычак менен кол салып, каражатын алып кеткен окуя боюнча ишти Ички иштер министрлиги (ИИМ) көзөмөлүнө алды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 11-декабрь саат 16:56 чамасында шаардык милицияга Чокморов көчөсүндө бычак менен куралданган адамдар менен белгисиз кишилердин ортосунда мушташ болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу барган. Бычак менен кол салган шектүүлөр Ford Focus үлгүсүндөгү автоунаа менен качып кеткени аныкталып, “Перехват” планы жарыяланган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алар жабырлануучулардын каражатын алып, изин жашырып кеткен. Чыгымдын суммасы такталууда.

Окуя тартылган видео социалдык тармактарда тарап жатат. Видеодо төрт адам эки кишини сабап, кийин көк түстөгү автоунаага отуруп качып кеткенин көрүүгө болот. Алар жабырлануучулардын көп суммадагы каражатын алып кеткени айтылууда. (BTo)

Дагы караңыз

Ошто аялын, кайненесин сабаган деген адам камакка алындыЗапорожьеде Орусиянын соккусунан каза тапкандар тогуз кишиге жетти11-декабрь: Канибадамда бир үй-бүлөнүн өлүмү иликтенүүдө, Бишкек абасы кир шаарлардын сап башындаТалгарда өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын атасы 15 суткага камалдыОрусияда орус тилин билбеген балдар мектепке кабыл алынбайтБишкек абасы кир шаарлардын сап башына чыктыАбактагы Ташов 6-декабрдан бери кургак ачкачылык кармап жатканы кабарланды