11-декабрда Орусиянын Мамлекеттик думасы орус тилин жетиштүү деңгээлде билбеген чет элдик балдарды мектептерге алууга тыюу салган мыйзам долбоорун акыркы окууда кабыл алды.
Парламенттин төмөнкү палатасынын спикери Вячеслав Володин 409 депутат документти колдогонун, бирөө каршы добуш бергенин Телеграм-каналына жазды.
Жаңы жобого ылайык, балдарды мектепке алуу алдында алар орус тилинен бекер сынак тапшырууга тийиш. Анын тартибин Агартуу министрлиги аныктамакчы. Андан тышкары баланын үй-бүлөсү Орусияда мыйзамдуу жүрөт деген уруксат кагаздарды текшеришет.
Мыйзам эмки жылдын 1-апрелинде күчүнө кирмекчи.
Буга чейин Володин Ички иштер жана Агартуу министрликтеринин маалыматына шилтеме жасап, өткөн окуу жылы Орусиянын мектептеринде билим алып жаткан 200 миңден көп мигранттардын балдары «окуу программасын өздөштүрүүдө жана классташтары, мугалимдер менен мамиле курууда кыйналганын» айткан.
Орусия президенти Владимир Путин мигранттардын орус тилин билбеген же начар билген балдары менен иштөө алгоритмин даярдоо керектигин билдирген. Ошондой эле ал орус тилин жана Орусия элин колдоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу мекемесине эмгек мигранттарынын орус тилин билүүсү боюнча талаптарды аныктоону буйруган.
29-ноябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Орусияда 334 миңдей кыргызстандык иштеп жүргөнүн «Азаттыкка» билдирген.
Шерине