Казакстандын Ички иштер министрлиги 16 жаштагы өспүрүм Шерзат Болаттын өлүмү боюнча иш жыл этегине чейин иликтенип бүтөрүн билдирди. Мекеме тараткан маалымат боюнча ушу тапта кылмышка байланыштуу 11 киши камакта отурат.
Ал арада Алматы облусунун Енбекшиказак районунун соту маркумдун атасы Каржаубай Нурымовду коомдук тартипти бузган деген негизде 15 суткага камаганы белгилүү болду. Мындай маалымат соттордун расмий Телеграм-каналына чыкты. Полициянын өкүлү "Нурымов жолду тороп, адамдарды коркуткан" деп билдирди. Ошондой эле стресске кабылган атанын саламаттыгы начарлаганын кошумчалады.
Нурымовдун адвокаттары соттун чечимине каршылыгын билдирип, апелляциялык доо арыз менен кайрылганы жатышат.
9-декабрда Талгар шаарынын четинде маркумдун агасы Нурганат Гайыпбаевдин сөөгү табылган. «Азаттыктын» казак редакциясы факт боюнча кимдир бирөөнү өз жанын кыюуга түртүү беренеси менен иш козголгонун кабарлады. Бирок жакындары анын өз жанын кыйганына ишенишпейт. Укук коргоочу Саида Таукелева Гайыпбаев Шерзаттын иши боюнча жапа чеккендердин бири болгонун, сотко даярданып жатканын айтты.
Ал эми укук коргоочу Айтбек Амангелды шаршембиде маркум асылган же аны муунтушкан деген медициналык экспертиза чыкканын кабарчыларга билдирди. Расмий органдар комментарий бере элек.
4-октябрда Талгарда Шерзат Болат ата-энеси ижарага алып иштетип жаткан дүкөндүн жанында өлтүрүлгөн. Полиция кылмышка он киши шектелип, дагы экөө күбө катары өтүп жатканын маалымдаган, бирок аты-жөнүн жарыялаган эмес. Арасында мурда соттолгон, ар кандай кылмыштар, ээнбаштык үчүн жоопко тартылгандар, кылмыштуу топтун лидери атыккан киши бар экени кабарланган.
Баланын өлүмүнө байланыштуу бир нече, анын ичинде "Ээнбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Айрым жергиликтүү жетекчилер, прокурорлор кызматтан алынган.
Шерине