"13 жылдан бери эңсеген мекенге кайтабыз ". Түркиядагы сириялык качкындар

Жилвегөзү чек ара бекети. Түркиянын Хатай провинциясы. 11-декабрь, 2024-жыл.

Президент Башар Асад бийликтен кулатылгандан кийин Түркиядагы сириялык качкындар мекенине кайтууга бел байлады. Түрк бийлиги 3 миллионго жакын качкынды мекенине коопсуз жол менен жөнөтүүнү көздөй турганын, Сирия менен чек арадагы үч өткөрмө бекет 11 жылдан кийин кайра ачылганын белгиледи.

"Дамасктан агамды издейм"

Дүйшөмбүдөн бери Түркиянын Хатай провинциясындагы Жилвегөзү өткөрмө бекетинен Сирияга кайтып бараткан качкындардын саны көбөйдү. Буюм-тайымдары менен чек арага жеткендер суукка карабай түнү менен бекетте кезекте турушат.

Жилвегөз чек ара бекети. 9-декабрь, 2024-жыл.

Алардын бири 29 жаштагы Мустафа Султан. Сириялык жигит 15 жыл мурун жарандык согуштан качып Түркияга киргенин, эми бир тууган агасын издеп мекенине кайтып баратканын айтат.

"Кудай жалгап, согуш бүттү. Башар Асад качты. Менин агам абакта болчу, андан 13 жылдан бери кабар алган эмесмин. Абактагылар чыгарылды деп уктум, эми агам тирүүбү-жокпу, издегени баратам. Азыр Дамаскка жетип, агамды издейм", - дейт Султан Assosiated Press агенттигине.

Аны менен чогуу бир кезекте тургандар - Түркиянын булуң-бурчунан агылып келген сириялык качкындар.

"Мен Стамбулдан келдим. Дамаскка кайтып баратам. Кудай буюрса, үйүмө аман эсен жетип, ал жакта иштейм", - дейт Тахер Мокаид.

Ал эми Мохаммед Салих Анталиядан чыгып, Алепподогу үйүнө бет алган.

"Мен Анталияда курулушта иштечүмүн. Эми Башар Асад жок. Алеппо азыр коопсуз дешти. Андыктан мекенге кайтууга тоскоолдук жок", - дейт ал.

Жилвегөзү чек ара бекети. 9-декабрь, 2024-жыл.

Түркиялык телеканалдар чек ара бекеттеринде жүздөгөн сириялыктар кезекте турганын, ал жерге көчмө миграция кызматынын кеңселери жана баш калкалоочу чатырлар курулганын байма-бай көрсөтүүдө. Апта башында Сирияга өткөндөр аз көрүнгөнү менен, күн өткөн сайын бала-чакасы менен келгендер көбөйгөнү байкалат.

Сириялык Ала Жабир шейшембиде 10 жаштагы кызы менен чек арага келгендердин катарында турат. Ал былтыр Түркияда болгон катуу жер титирөөдө аялы жана үч баласын жоготкон.

13 жылдан бери Түркиянын Хатай провинциясында жашаган Жабир мындай ою менен бөлүштү:

"Биз бул жерде жашадык, бул кызым ушул жерде төрөлгөн. Бизди кабыл алганы үчүн түрк элине, өкмөтүнө карызбыз. Мен балдарым үчүн ыйлаганда, Түркия үчүн да ыйлайм. Анткени алар ушул жерде туулуп-өскөн, билим алып, ушул жерде көз жумду", - дейт мекенине кайтып бараткан Ала Жабир.

Түркиялык журналист Невшин Менгү алгачкылардан болуп түрк-сирия чек арасынан өтүп, учурда Алепподон маалымат таратууда. Ал чек ара бекеттеринде кезекте тургандардын саны таң эрте салыштырмалуу көп болуп жатканын, сириялыктар документтери тыкыр текшерилгенден кийин гана мекенине чыгып атканын айтат.

"БУУ баарынын санын сурайт. Башкача айтканда Түркиядан мекенине кайтып бараткан качкындардан аларга берилген макам кайра алынат. Бул маалымат БУУга жана Европа Биримдигине да берилет. Анткени буга чейин бул уюмдар Түркияга качкындардын санына жараша материалдык жардам берчү. Эми чыккандар кайра кире албаса, алардын саны расмий статистикадан да кемитилет", - дейт түрк журналист.

Анкара үч чек ара бекетин ачты

9-декабрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Башар Асаддын режими кулагандан кийин мекенине кайтууну көздөгөн сириялыктардын саны өсөрүн белгилеп, буга чейин ачык турган эки өткөрмө бекетке кошумча дагы бир бекеттин ачылышы пландалып жатканын билдирди.

"Сирияда абал турукташкан сайын элдин ыктыярдуу, коопсуз жана үзгүлтүксүз кайтышы көбөйөт деп үмүттөнөбүз. Сириялык боордошторубуздун 13 жылдан берки мекенине сагынычы акырындап бүтөрүнө ишенем. Биз мунун айpым белгилерин көрө баштадык. Элдин бекеттерде топтолушуна жол бербөө жана жол кыймылын жеңилдетүү максатында Яйладагы чек ара бекетин ачып атабыз", - деди Эрдоган.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан да "сириялыктардын коопсуз жана ыктыярдуу кайтып кетиши үчүн колубуздан келгендин баарын кылабыз" деди.

Анкаранын мындай билдирүүлөрүнүн эпкини Асаддын режими кулатылгандан кийин дароо сезиле баштаган. 8-декабрда Түркиянын чоң шаарларында сириялык качкындар көчөгө чыгып: "Өлкөдө согуш бүттү, Асад качты, жашасын эркиндик, өлкөмө кайтам, рахмат Түркия!" деген чакырыктырды айтышкан.

Түркиядагы сириялыктар Стамбулдагы Фатих аймагындагы мечиттердин биринде майрамдап жаткан учуру. 8-декабрь, 2024-жыл.

Жергиликтүү калк соцтармактарда "сириялыктар эми мекенине кайтышы керек" деген пикирди талкуулай баштаган.

Профессор Мурат Эрдоган изилдөөлөрдө түркиялыктардын 89% сириялык качкындардын мекенине кетиши керектигин айтарын, бирок бул жараян тез арада чечилбей турганын белгилейт.

"Бир аз кыймыл болот, бирок мен баары күткөндөй миллиондогон качкын дароо кайтат деп ойлобойм. Эгерде бул тез арада ишке ашпаса, анда коомдо жаңы чыңалуу пайда болушу мүмкүн", - дейт түркиялык изилдөөчү.

Белгилей кетсек, Түркияда чет өлкөлүк качкындарга каршы маанай быйыл 30-июнда сириялык качкын жашы жете элек кызга ыдык көрсөткөнү тууралуу жаңылык социалдык тармактарда тарагандан кийин башталган. Жүздөгөн кишилер көчөгө чыгып, качкындарга жана түрк бийлигине нааразылыгын билдирген.

Анда 474 жергиликтүү тургун кармалганы, алардын жарымы буга чейин түрдүү кылмыш иштерине аралашканы кабарланган.

Түркиядагы оппозициячыл партия мүчөлөрү да бийлик миграция саясатын тыкыр көзөмөлгө алышы керектигин утур-утуру айтып келишет. Ал эми социалдык тармактарда өлкөдөгү качкындарга каршы маанай ал окуядан кийин кескин күчөгөн.

"Kайтканда кыйынчылыкка даяр болуу керек"

Түркиянын Хатай шаарында он эки жылдан бери жашаган, кесиби боюнча инженер Ибрагим да бардык тобокелчиликтерге карабастан тезирээк кайтып кетүүнү каалагандардын арасында.

Ал адегенде жалгыз барып Алепподогу үй-жайын даярдап, анан Түркиядагы үй-бүлөсүн көчүрүп кетерин айтат.

"Айрым аймактарда үйлөрдүн баары талкаланган. Электр жарыгы, суусу жок айылдар көп. Кайтып барса эч нерсесин таппай кала турган мекендештерим бар. Бул өлкө 13 жылдык согуштан чыкты, ошондуктан биз кайтып барсак, баары даяр болот деп үмүттөнбөшүбүз керек. Биз, Сирия эли, баарын акырындык менен калыбына келтирүүгө аракет кылабыз", - дейт учурда Хатай шаарында жашаган Ибрагим.

Түркиянын Ички иштер министрлигинин быйыл октябрда берген акыркы маалыматына ылайык, учурда Түркияда 3 миллионго жакын сириялык качкын баш калкалайт. Каттоодон өтпөй жашап жүргөндөрдүн саны мындан эки эсе көп экени айтылып жүрөт. Анкара соңку бир жылда 700 миңдей сириялык мекенине кайтканын жарыялаган.

Серепчилер буга Түркиядагы экономикалык кризис жана качкындарга каршы көз караш себеп болгонун айтышат. Алардын дээрлик көбү минималдык айлык акыдан дагы төмөн маянага кайыл болуп жан багат.

Экономист, профессор Жем Кылыч "Haberglobal" басылмасына берген маегинде, качкындардын кайтып кетиши менен Түркияда жумушсуздук азаят деп божомолдоду.

Дагы караңыз

"Элүү жылдык эзүүдөн кутулдук". Сириядагы кырдаал

Түркиядагы Качкындар жана миграция изилдөө борборунун жетекчиси Метин Чорабатыр Сирияда али коопсуз абал түзүлө электигин "Би-Би-Сиге" айтып берди:

"Алардын көбү абдан начар жашачу. Көп жылдар бою кемсинтүүгө туш болуп, көчөдө кол салууга кабылышты. Коркуп жашап келишти, бирок буга карабай сириялыктар шашылбашы керек".

Анкара көп жылдан бери Асадды бийликтен кетирүүгө аракет кылган куралдуу оппозициячыл согушкерлердин негизги колдоочуларынын бири болуп келет. 2016-жылдан бери Сириянын түндүгүндө үч ири аскердик операция өткөрдү. Түндүк Сириянын бир бөлүгү түрк куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө.

Сирия

Түркия Сирия менен дипломатиялык байланышын 2011-жылы жарандык согушта Асадды бийликтен кулатууну көздөгөн козголоңчуларга колдоо көрсөткөндөн кийин үзгөн.

Түркия дүйнөдөгү качкындарды көп кабыл алган өлкөлөрдүн сап башында турат. Өлкөдөгү 3 миллионго чукул сириялык жарандардын дээрлик көбү Стамбул, Газиантеп, Шанлыурфа шаарларында жашайт.

Ал эми 2024-жылы 237 миңдей сириялык түрк жарандыгын алганы расмий айтылган.

8-декабрда Сириянын өкмөттүк армиясына каршы күрөшүп жаткан козголоңчулардын башчылары Асаддын режими кулаганын, саясий туткундар бошотулганын жарыялашкан.

Сириянын президенти Башар Асад Орусияга чыгып кетип, Кремль ага саясий башкалка берди.

АКШ жана дагы бир нече өлкө террордук деп тааныган "Хайят Тахрир аш-Шам" деген суннилердин ашынган исламчыл тобу жетектеген козголоңчулар соңку бир нече күн ичинде Алеппо баштаган бир катар шаарларды өз карамагына алууга жетишкен.

"Хайят Тахрир аш-Шамдан" тышкары козголоңчулардын катарында Түркия колдогон кошуундар да бар. Алар өздөрүн Сириянын улуттук армиясы деп аташат.