Депутат Масалиев коррупциядан өндүрүлгөн каражат ачык болушу керектигин айтты

Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Исхак Масалиев коррупциядан, убагында мыйзамсыз менчиктештирилип кийин мамлекетке кайтарылган имараттар тууралуу коомчулукка ачык маалымат берилиши керектигин билдирди. Бул тууралуу депутат парламенттин 11-декабрдагы жайынында айтты.

“Миллиард-миллиард деген сом өндүрүлүп, туура эмес менчиктештирилген имараттар кайтарылып кайра сатылууда. Бул каражат кайсы эсепке түшөт аны таба алган жокмун. Ал акча Жогорку Кеңештин макулдугу менен иштетилиши керек”, - деди ал.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2020-2024-жылдар аралыгында уюшкан кылмыштуу топтордон, таза эмес олигархтардан мамлекетке акчалай жана мүлк түрүндө 125 млрд сом өндүрүлгөнүн билдирген.

Атайын кызматтын төрагасы бул тууралуу 20-ноябрда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерине өткөргөн брифингде айтып, жакынкы күндөрү кимден канча каражат өндүрүлгөнү тууралуу кенен маалымат берерин билдирген.

Буга чейин Кыргызстанда мурда-кийин жеке менчикке өткөн жерлер, имараттар мамлекетке алынды. Талдоочулар ошол эле учурда өлкөдө менчикке болгон укук да сакталышы керек экенин айтып келишет. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте автобуста жол кире төлөбөгөндөр 1000 сом айыпка жыгылатЭнергетика министрлиги Зардалыга электр жарыгы берилгенин билдирдиНетаньяху коррупция иши боюнча сотто көрсөтмө бере баштадыМамдумада орусча билбеген балдарды мектепке албоо долбоору биринчи окууда өттү Түркмөнстанда окуучу, студенттерге Жаңы жылды белгилөөгө тыюу салындыУкраина орус армиясы Сумы облусуна кирип барганын четке кактыАбактагы Султанбековдун атасы уулунун "талапкер макамы бузулуп, уурдалган" деп билдирди