Энергетика министрлиги 10-декабрда Баткен облусундагы эң алыскы Зардалы айылындагы 56 үйгө, 2 мечитке, 1 фельдшердик-акушердик пунктка жана 1 мектепке күн батареялары аркылуу электр энергиясы берилгенин билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, ар бир үйгө жана мамлекеттик имаратка минималдуу кубаттуулугу 306 кВт болгон 61 күн батареялары, көчөлөргө 600 Вт батареясы менен 75 прожектор орнотулду. Долбоорду ALL SOLAR ишканасы 390 миң 144 долларга (33,5 млн сом) ишке ашырды.
Айылды электр энергиясы менен камсыздоо үчүн жалпы 40тан ашык энергетик эмгектенген.
Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Зардалы айылына барып, эл менен жолугушкан. Анда тургундар уюлдук байланыш маселесин чечип берүүнү өтүнүшкөн. Президент келерки жылы кыштакка баруучу жол салына баштаарын, электр энергиясы менен камсыз кылуу, чакан ГЭС салуу иштери жүргүзөлөрүн билдирген.
Октябрь айында мамлекеттик “Мега” компаниясы айылга уюлдук байланышын жеткирген.
Баткендин борборунан 130 чакырым алыстыкта жайгашкан Зардалы айылына машине менен барган жол жылына жайында төрт-беш ай гана ачык болот. Жергиликтүү эл негизинен тоо боорундагы кооптуу чыйыр жол менен жөө каттайт. Айылда бир башталгыч мектеп бар жана жүздөй адам гана туруктуу жашайт. (BTo)
Шерине