Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Украина орус армиясы Сумы облусуна кирип барганын четке какты


Украина-Орусия чек арасы. Сумы облусу. Январь 2024-жыл
Украина-Орусия чек арасы. Сумы облусу. Январь 2024-жыл

Украина орус армиясы Сумы облусунун түндүк-чыгыш тарабына кирип барганын четке кагып, андай кабарды Москванын "жалган маалымат таратуу кампаниясынын бөлүгү" деп атады.

Аймактын аскердик администрациясынын жетекчиси Владимир Артюхтун айтымында, чек арадагы абал өзгөрдү деген маалымат куралдуу күчтөрдөн түшкөн жок. Ал кырдаал көзөмөлдө экенин кошумчалады.

Украинанын Чек ара кызматынын өкүлү Андрей Демченко Киев 24 каналынын эфиринде орус аскерлери Сумыда "чек арадан өттү" деген маалымат чындыкка коошпогонун билдирди. Ал белгилегендей, ал жер саздуу, ошондуктан каршы тарапка ал жакта позицияларын бекемдөө кыйын болот.

Буга чейин социалдык тармактарда DeepState долбоорунун (ачык чалгын булагы) картасына шилтеме менен орус аскерлери Сумы облусу менен чек ара аймагындагы Александрия айылы аркылуу Мирополье деген жерге кирип барганы тууралуу кабар тараган.

Сумы августтан бери украин аскерлери операция жүргүзүп жаткан Орусиянын Курск облусу менен чектешет.

Ал арада орус аскерлери Запорожьеге урган ракета соккусунан үч киши каза тапканы, бери дегенде 14ү жарадар болгонун облус администрация башчысы Иван Фёдоров билдирди. Анын маалыматы боюнча жеке менчик клиника талкаланып, жанындагы имарттар зыян тартты. Жабыкаргандардын арасында эки дарыгер бар. Кийин жараат алгандардын саны 16га жеткени маалымдалды.

Орусиянын Коргоо министрлиги Запорожьеге болгон чабуулду комментарийлеген жок. Москва далилдерге карабай Украинанын жайкын тургундарын жана жарандык инфраструктурасын бутага алганын танып келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG