Министрлер кабинетинин №724 токтому менен чийки сүттүн базалык баасын белгилөө тартиби бекитилди. Бул Жогорку Кеңештин 14-марттагы "Сүттү сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндө" токтомун ишке ашырууну максат кылат.
Ага ылайык, сүттүн базалык баасын белгилөө үчүн айыл чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын чечими менен сүттү кайра иштетүүчү заводдор жайгашкан райондордо туруктуу иштөөчү мекемелер аралык жумушчу топтор түзүлөт. Анын курамына райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын, жергиликтүү бийликтин, айыл өкмөттүн, райондук ветеринардык кызматтын, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын, сүттү кайра иштетүүчү заводдордун, сүт чогулткан ишканалардын жана сүт өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү кирет.
Аталган жумушчу топтор аймактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жайкы жана кышкы мезгилдерге чийки сүттүн базалык баасынын деңгээлин аныктоо үчүн жылына эки жолудан кем эмес жолу чогулат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги быйыл жайында сүттүн майлуулук курамына жараша аны баалоонун тарифтик таблицасын сунуштаган. Баалар – аймакка, орточо айлык акыга, тоюттун наркына жана сомдун курсуна жараша иштелип чыгып, Монополияга каршы кызмат тарап менен макулдашылган. Таблица сүттү сатып алган ар бир заводго орнотулат жана алып-сатуу ошонун чеги менен жүргүзүлөт.
Жыл сайын апрель айынан июнь айына чейин Кыргызстанда сүттү сатып алуу баасы төмөндөп, ар дайым маселе жаралат. Депутат Акылбек Түмөнбаев баштаган депутаттар тобу “Сүттү сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам долбоорун бир жыл мурда иштеп чыгып, 2023-жылдын 13-апрелинде коомдук талкууга чыгарган. Былтыр 29-июнда Жогорку Кеңеш аны үч окуудан колдоп берген. Ошол эле жылдын сентябрында президент Садыр Жапаров мыйзамга каршы пикирин билдирип, артка кайтарганы маалым болгон.
Жарым жылдан кийин депутаттардын демилгеси мыйзам катары эмес, токтом катары парламентке кайрылып келген. Быйыл 14-мартта кабыл алынган токтомдо чийки сүттүн бир литринин баасы “40 сомдон кем болбосун” деп бекитилген.(ZKo)
Дагы караңыз
Бишкекте митинг өткөрүүгө салынган тыюу дагы узартылганы белгилүү болдуАба ырайы: Ысык-Көл, Чүй облустарында кар жаайт"Сосновка" бекетинен оор жүк ташуучу автоунааларды өткөрө баштады Салык кызматынын камактагы төрагасы Абдувапов кызматтан убактылуу четтетилдиСирия менен Түштүк Корея Владимир Путинге олуттуу сабак берүүдө"Алты миң орус жараны кыргыз паспортун алды". Эмне үчүн?