10-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар түшөт. Айрым жерлерде туман каптайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…-9;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…-9;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13°, күндүз -4…-6° суук болот.
Шерине