Аба ырайы: Ысык-Көл, Чүй облустарында кар жаайт

10-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар түшөт. Айрым жерлерде туман каптайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…-9;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…-9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13°, күндүз -4…-6° суук болот.

Дагы караңыз

Равшанбек Сабиров Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалдыАкылбек Жапаров 11 айдын жыйынтыгында ИДП 9% өскөнүн билдирди"Сосновка" бекетинен оор жүк ташуучу автоунааларды өткөрө баштады Токтогул суу сактагычында 12,397 млрд метр куб суу барСалык кызматынын камактагы төрагасы Абдувапов кызматтан убактылуу четтетилди