Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Токтогул суу сактагычында 12,397 млрд метр куб суу бар


Токтогул ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.
Токтогул ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.

9-декабрга карата Токтогул суу сактагычында 12 млрд 397 млн метр куб суу бар. Бул тууралуу "Электр станциялары" мамлекеттик ишканасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнү суу сактагычка секундасына 189 мет куб суу агып кирсе, 770 метр куб суу агып чыгууда. Суунун иштетилүүсү акыркы үч айдагы эң жогорку көрсөткүч болду.

Былтыркы ушул күнү суу чөйчөктө 11, 3 млрд метр куб суу болгон.

Эки ай мурда суу сактагычта 13,128 млрд метр куб суу болгон.

Энергетика министрлиги Кыргызстанда электр энергиясын керектөө кышында да, жайында да күч алганын, мындан улам суу көп иштетилип жатканын белгилеп, электр энергиясын кышка сактоо зарылчылыгын эскерткен.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө 2023-жылы калк 17 млрд 189 млн кВт/саат электр энергиясын керектеген. Кыргызстан өзү өндүргөн электр кубаты муктаждыкты толук жаппайт. Ушундан улам чет жактан 3 млрд 488 млн кВт/саат электр жарыгын сатып алып, 138 млн кВт/саат чет өлкөгө экспорт кылган. Ошол эле учурда энергетика тармагындагы жалпы жоготуулар 2 млрд 538 млн кВт/саат электр энергиясын түздү.

Былтыр электр жарыгынын тартыштыгынан кышында үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынган.

Быйыл марттын башында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,5 млрд метр кубга чейин төмөндөгөн. Өкмөт электр энергиясын берүүнү бир нече күнгө чектеп, керектөө лимитин төмөндөткөн.

2007-2008-жылдары суу 7-8 млрд метр кубга чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген.

Адистер суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтоп каларын эскертишет.

Өлкөдө жети ири гидроэлектр станциясы иштейт: Токтогул, Күрпсай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата 2 жана Ат-Башы. Алар өлкөдөгү электр энергиясынын 87% жакынын өндүрөт.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG