Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Равшанбек Сабиров Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды.
Бул тууралуу президенттин сайтына жарыяланды.
Равшанбек Сабиров президент Садыр Жапаровдун 4-декабрдагы жарлыгы менен аталган министрликке министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Жогорку Кеңеш 5-декабрдагы жыйынында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Равшанбек Сабировду дайындоого макулдук берген.
Мурдагы министр Жылдыз Полотова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу 4-декабрда кызматтан кеткен. Бирок кайсы кызматка которулганы айтылган эмес.
Равшанбек Сабиров 2010-жылы “Ата Мекен” партиясынан парламентке депутат болуп шайланган. Көп өтпөй бул партиянын сунушу менен социалдык өнүктүрүү министри болгон. 2012-жылы ал чет өлкөгө бала асыроого уруксат берүүдөгү коррупцияга шек саналып камакка алынган. Сот аны беш жылга кесип, абакта эки жыл жазасын өтөгөн соң мунапыс менен эркиндикке чыккан.
2020-жылы бийликтин алмашуусуна алып келген Октябрь окуяларында Садыр Жапаровдун командасы менен бирге бийликке келген Равшан Сабировдун соттуулугу жоюлуп, президенттин кеңешчиси жана вице-премьер-министр кызматтарын аркалаган. Ал президенттин кеңешчиси болуп турганда Ысык-Көлдүн жээгине курулары айтылган “Асман” шаары боюнча иш алып барган.
2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2022-жылы март айында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кызматына келип, ошол эле жылдын сентябрь айында кызматтан кеткен. (ZKo)
Дагы караңыз
Акылбек Жапаров 11 айдын жыйынтыгында ИДП 9% өскөнүн билдирди"Сосновка" бекетинен оор жүк ташуучу автоунааларды өткөрө баштады Токтогул суу сактагычында 12,397 млрд метр куб суу барСалык кызматынын камактагы төрагасы Абдувапов кызматтан убактылуу четтетилди