Алар окуяны акыйкат териштирип берүүнү суранып, ички иштер министрине кайрылды. Ноябрдын этегинде чыккан экспертиза наристе бакчада уктап жатып, өз кусундусуна какап чарчап калганын аныктаган. Кыздын энеси анын өлүмүнө тарбиячылардын шалаакылыгы себеп болду деп эсептейт.
"Чекеси муздап калыптыр"
Чүйдүн Сокулук айылындагы "Алтын балалык" мамлекеттик бала бакчасында ушул жылдын 22-октябрында беш жашар Алия чарчап калган. Кыздын таенеси Гүлнара Базарматова ошол күнү небересин бакчага жеткирип, кечинде ооруканадан сөөгүн кучактап чыккан.
"16:02де Элиза аттуу тарбиячы чалып, сүйлөй албай, ыйлап жатты: "Эже, тез келип калыңыз, Алия көпкөк болуп, эч нерсе билбей жатат", - деди. Бакча үйдүн жанында жайгашкан, беш мүнөттө жетсе болот. Мен ал жерге жүгүрүп баратып, "Тез жардамга" чалсам, "жибердик" деп жооп берди. Тепкичтен көтөрүлүп келатканда эле кызымды шейшепке ороп, бетин жаап чыгарып баратышкан экен. Эки буту чыгып калыптыр, кармасам муздак, бутун кыссам, эч реакция кылган жок. Ооруканага алып барып, жандандыруу бөлүмүнө киргизип кетишти. Ошол кезде чекесин да кармадым, анда да муздак болчу. Мен ыйлап, улам сурап жаттым. Бир кезде тамагына бир нерсе тыгылып калганын айтышып, тазалап жатканын билдиришти. Милициядан кишилер келе баштады. Кайра көп өтпөй, саат 17:00 чамасында дарыгер чыгып, кызым чарчап калганын айтты".
Ооруканага Алияны таенеси менен кошо Алина аттуу тарбиячы коштоп барган экен.
"Кызым жардамга муктаж болуп турганда жанында эч ким жок болчу. Алина деген тарбиячысы "күзгү майрамга деп акча чогултуп аткам" деди. Ага чейин биз бала бакчага телевизор (сыналгы) алып бергенбиз. Ошол күнү майрамга даярданам деп уктап жаткан балдарды жалгыз калтырып, компьютерден бир нерсе жазам деп бөлмөдөн чыгып кеткенин айтты. Анан кийин кайра антип айтпаганын, бөлмөдөн эч жакка чыкпаганын билдирди. Негизи Алия ойгонбой атканын тарбиячыга тайпадагы кичинекей кыздар айткан. Ал балдарды караган эмес да. Тарбиячы кызым үшүп жатканын айткандыктан, чечинтпей жаткырып койгонун айтып атат. Анан 2,5 сааттан кийин гана кызымдын чарчап калганын көрүп атат. Ал ириде мага чалып, "кызыңыз ооруп калды" деш керек эле же дене табын текшериши керек эле да", - дейт таенеси.
22-октябрь күнү Алиянын өлүмү боюнча Сокулук райондук милициясынан тергөө тобу ооруканага келип, андан кийин милициянын имаратында Гүлнара Базарматовадан арыз алган. Анда Базарматова окуяны териштирип берүүнү суранган жана соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүгө уруксат берген.
27-ноябрда соттук-медициналык экспертизада кыз "кусундусуна какап калганы" тууралуу тыянак чыккан. Ушул эле экспертизанын жыйынтыгында кыздын кара куш мээсинде уюган кан бар экени, ал наристе тирүү кезинде аз убакыт мурда пайда болушу мүмкүн экени да айтылган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бул окуяга байланыштуу Сокулук милициясы "шалаакылык" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, териштирүүнү баштаган. Гүлнара Базарматова окуя болгон 1,5 айдан бери иш ордунан жылбай жатат деп нааразы.
"Тергөө жүрүп жатабы, жокпу сурасам, ишти карап жаткан Саламат аттуу тергөөчү келин: "Менин башка ишим толтура, убактым жок, эч нерсеге жетишпей жатам", - деп жооп берди. Бир ишти сотко өткөрүшү керек экенин, ал бүткөндөн кийин менин ишим боюнча тергөөнү улантарын билдирди. Ошентип отуруп 1,5 ай өттү. Менин телефон чалууларыма жооп бербейт, суроолорум ачык бойдон калды".
Мындан улам Базарматова райондук прокуратурага арыз менен кайрылган. Көзөмөл органы анын кайрылуусуна жооп бере элек.
Чүй облустук милициясынын басма сөз катчысы Үмүт Арыкова "Азаттыкка" окуя Сокулук райондук милициясында каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү жүргөнүн, азыр териштирүү уланып жатканын билдирди.
"Болжол менен саат 15:30 чамасында тарбиячы наристени ойготкон учурда ал турбай, ошондуктан "Тез жардам" чакырганын айтты. Бул факт боюнча соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси ("Шалаакылык") менен иш козголгон. Ишти тергөө Чүй облустук милициясынын жетекчилигинин өз көзөмөлүндө. Облустук милиция ошондой эле мыкты тергөөчүлөрдүн тобун түзүп, бул ишти кароого жиберди. Тергөө уланууда, анын жыйынтыгы менен тарбиячынын аракеттерине укуктук баа берилет", - деди Үмүт Арыкова.
Алиянын тарбиячысы Алина Камчыбекова жана "Алтын балалык" мамлекеттик бакчасынын жетекчилиги менен "Азаттык" байланыша алган жок.
"Ден соолугу чың болчу"
Кызы мамлекеттик бала бакчада чарчап калганын Алиянын апасы Аида Инстаграмдагы Black list баракчасына жазып чыккан. Алия беш бир туугандын төртүнчүсү эле. Кырсык болгон бала бакчага ушул жылдын апрель айынан тарта бара баштаган. Эки жарым жылдан бери Европада иштеп жүргөн Аида кызы Алия менен кичүү баласын таенесине калтырган. Үч баласын күйөөсү карап калган экен.
Окуя болгон бакчага кенже баласы да барган. Алия чарчап калгандан кийин мекеме бир аптага жабылып кайра ачылган.
"Мен болгону эмне болгонун билгим келет. Эгер тергөө бул кырсык деп окуяны сыпаттап, далилдесе, мен аны кабыл алам. Адам баласынын колунан келбеген жагдайлар бар. Бирок азыр тергөө ордунан жылбай атпайбы. Күйөөм да тергөө кандай жүрүп жатат деп милицияга улам каттайт. Ага деле жооп берген киши жок. Кызымдын тайпасындагы башка балдар үйүндөгү ата-энесине "Алия кулап кетип, чарчап калды" деп айтып барышыптыр. Тарбиячынын айткандары менен балдардын айткандары бири-бирине дал келбей жатат. Балдар саат 13:00дөн, 15:30га чейин укташат. А бизге саат 16:02де чалып атышат. Балдар бул убакта укташпайт да", - деди апасы Аида.
Кыздын таенеси Гүлнара Базарматова небересин бала бакчадан алып кетип жаткан башка учурларда тарбиячы бөлмөдө жок болуп, балдар ээн калган күндөр болгонун эстеди.
Медицина тармагындагы эксперт Бермет Барыктабасова окуяны дыкат жана комплекстүү териштирүү керек экенин айтууда.
"Чынында кыздын башында кан уюп калган болсо, мектепке чейинки мекемелерди уюштуруу иштери боюнча мыйзамдар аткарылып жатканы текшерилиши керек. Албетте коопсуздук нормалары сакталышы керек. Балким кыз отургучка чыгып, андан кулап кеткендир. Ошондуктан медиктер барын дыкат карап, баш мээсин жакшылап карап чыкканы дурус", - деди ал.
Кыргызстандагы бала бакчаларда орун жетишпегендиктен, эки кабаттуу керебеттер коюлуп, балдар ошондо укташат. Айрым бакчаларда ойноочу, уктоочу бөлмөлөр өзүнчө эмес. Балдар бир бөлмөдө тамак жеп, ойноп жана ошол эле жерде укташат. Алиянын таенесинин айтымында, наристе керебеттин биринчи кабатында уктап жүргөн.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кичинекей балдарга ырайымсыз мамиле
2-декабрда социалдык тармактарда видео тарап, тасмадан бала бакчанын кенже тобунда ыйлап жаткан баланы белгисиз аял уруп, жаакка чапканын көпчүлүктүн нааразылыгын жараткан. Кийин окуя Сузактагы Багыш айылындагы “Кенжетай-1” бала бакчасында болгону аныкталып, райондук ички иштер бөлүмү териштирүү жүргүзө баштап, кылмыш ишин козгогон.
Дагы караңыз Эл үнү: Инсулин жана бала бакча көздөн учтуБалдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова бала бакчалардагы кадр маселеси жөнгө коюлбаса, мындай окуялар кайталана берерин айтып жатат.
"Тарбиячыларды жумушка алып жатканда анын мүнөзү, жөндөмүн жакшы карашпайт. Балдар менен иштей турган адам канчалык деңгээлде бул ишке чыдай алат, кандай алып кете алат? Кандай артыкчылыктары же болбосо кемчиликтери бар деген суроо берилбейт. А түгүл документтери дайыма эле толук чогултулбай эле жумушка тартылып, иштей беришет. Мониторинг жок, улам текшерүү жок. Андан сырткары тарбиячылардын кесиптик потенциалын көтөрүү боюнча окутуу, тест жүргүзүү деген жок. Андан тышкары, айлык маселеси да бар. Балдардын коопсуздугу үчүн айлыкты жогорулатып, кесипкөй адистерди жумушка тартканыбыз дурус болот эле. А бизде жумушсуз жүргөндөрдүн көбү азыр бала бакчага кирип алышат. Кадр маселесин чечмейинче балдардын коопсуздугуна, өнүгүүсүнө өкмөт кепилдик бере албайт. Көпчүлүк ата-энелер, өзгөчө балдары мамлекеттик бакчага баргандар чүрпөм жакшы каралсын деп улам белегин көтөрүп барып берет, майрам сайын акча чогултушат. Анан баласы сабалып, же денеси көгөрүп келсе унчукпай калышат. Себеби бакча тартыш, орун аз, эптеп балам тарбия алып алсын, мен айтып чыксам балам кысымга кабылбасын дешет. Ошондуктан ачык-айкындуулук болуш үчүн байкоо камераларын орнотуу керек".
Кыргызстанда бакчаларга өлкөдөгү балдардын 28,3% гана барары аныкталган. Буга чейин Билим берүү министрлиги бала бакча, мектептерде балдарга жасалган орой мамиленин алдын алуу максатында видео аппараттар коюларын билдирген.
- Өлкөдө Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларда жана анын чет-жакасында мамлекеттик бакчалар бир тайпада 40 жана 90дон ашык баланы кабыл алууга аргасыз. Аларды дээрлик бирден тарбиячы карайт. Менчик бакчаларда баланын саны мындан аз, бир тайпада 10дон 30га чейинки балдар каралат. Бирок менчик бакчалардын баасы асман чапчыйт. Мисалга Бишкекти эле алсак, эң арзан деген бакча шаардын четиндеги конуштарда, аларда баа бир айга 8 миңден жогору. Калган аймактарда 12 миңден 40-50 миңге чейин. Мамлекеттик бакчалар айына 1 жарым миңден 2-3 миң сомдун тегерегинде акы алышат.
- Улуттук статистика комитети билдиргендей, Кыргызстанда азыр мамлекеттик жана менчик мекемелерди кошкондо жалпы 1912 бала бакча бар.
- Окуя болгон бакчада канча бала тарбияланып келгенин тактай албадык. Бирок Сокулукта элдин жыш экенин эске алганда, Бишкектеги бакчалардан көп деле айырмаланбай турганын байкоого болот.