Орусиялык күчтөр Запорожьеге абадан сокку урду, каза болгондор бар

Запорожье облустук администрациясы тараткан сүрөт.

Жума күнү кечинде орусиялык күчтөр Украинанын Запорожье аймагына сокку урганын облустун башчысы Иван Федоров билдирди. Соңку маалымат боюнча он киши набыт болуп, дагы 17 киши жараат алган. Алардын арасында эки бала болгону аныкталган.

Соккунун кесепетинен унаа оңдоочу жай өрттөнүп, турак үйлөр жана дүкөндөр жабыркаган.

Ошондой эле Кривой Рог дагы аткылоого кабылып, жыйынтыгында эки киши каза болуп, 16 адам жараат алганын Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы кабарлады. Мындан тышкары урандыастында бир киши калып кеткен болушу мүмкүн экени айтылды. Мекеменин билдиришинче, үч кабаттуу имарат урап, турак үйлөр жана автоунаалар зыян тарткан.

Орусия Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасын бутага алып, ооруканаларды, мектептерди, бала бакчаларды, энергетика жана суу менен камсыздоо объектилерин кыйратканын четке кагып келет. (TAb)

Дагы караңыз

Салык кызматынын төрагасы жана орун басары 20-январга чейин камакка алынды6-декабрь: Салык кызматынын жетекчилиги камалды, Грузияда митингчилерге иш козголду Грузияда нааразылык акциясына катышкан 23 адамга кылмыш иши козголдуВашингтон эл аралык уюмдун Газадагы геноцид тууралуу корутундусуна макул эмес