Грузияда евроинтеграцияны жактап, нааразылык акциясына чыккан 23 адамга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.
13 адамга "Тобу менен зомбулук көрсөтүү же ага катыштыгы бар" деген айып тагылды. Дагы бир адамга "Жардыруу уюштурган" деген кине коюлду.
Шектүүлөрдүн аты-жөнү айтылган жок. Маалыматка караганда, алардын арасында чет өлкөлүк жарандар да бар. Эгер алар күнөөлүү деп табылса, тогуз жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулушу мүмкүн.
Дагы тогуз адамга "Шаардын мүлкүнө зыян келтирүү жана полиция кызматкерлерине күч колдонуу" беренеси менен айып тагылды. Алардын да аты-жөнү белгисиз. Бул беренеде жети жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Тбилисиде евроинтеграцияны жактагандардын акциясы сегизинчи түн катары менен уланды. Алар өкмөттүн Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтотуп койгонуна нааразылыгын билдирип, бийлик элдин "кыялын, келечегин уурдап алганын" айтууда. Ошондой эле парламенттик кайра шайлоо өткөрүү талабы да коюлууда.
Алты күн катары менен полиция демонстранттарды күч колдонуп таркатып, айрымдарын кармап кетти. Толкундоолордун алгачкы беш күнүндө кармалгандардын саны 293кө жеткен.
14-декабрда Грузияда президенттик шайлоо өтөрү кабарланган.
4-декабрда полиция кызматкерлери оппозициячыл партиялардын кеңселеринде тинтүү жүргүзүп, лидерлеринин бири Ника Гварамия кармалган.
Ушул эле күнү Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен АКШ Грузияда евроинтеграцияны жактап, дээрлик бир аптадан бери нааразылык акцияларына чыгып жаткандарга күч колдонгону үчүн грузин бийлигине санкция салышы мүмкүндүгүн билдирген.
Буга чейин Балтика мамлекеттери, Канада жана Украина митингчилерди күч менен таркатып, аларга карата зордук-зомбулук көрсөткөнү үчүн Грузиянын Ички иштер министрлигинин жана бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын жетекчилигине санкция салган. (AiA)
Шерине