Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Вашингтон эл аралык уюмдун Газадагы геноцид тууралуу корутундусуна макул эмес


Ведант Пател
Ведант Пател

Америка Кошмо Штаттары эл аралык Amnesty International укук коргоо уюмунун Газа тилкесиндеги тукум курут (геноцид) үчүн Израилди айыптаган докладына макул эмес. Бул тууралуу бейшемби күнү Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Ведант Пател билдиргенин "Америка добушунун" орус кызматы кабарлады.

Ал мындай билдирүүнү Amnesty International Газа тилкесиндеги палестиндерге карата геноцид үчүн Израилди айыптаган докладын жарыялан соң жасаган.

"Биз буга чейин дагы билдиргендей, геноцидге (Израилди) айыптоого негиз жок экенин белгилейбиз. Ошентсе дагы Amnesty International сыяктуу жарандык коом уюмдары, укук коргоочулар жана өкмөттүк эмес уюмдар Газадагы абал тууралуу маалымат таратууда, анализ жүргүзүүдө маанилүү ролду ойной турганы чындык", - деген Пател.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы эки тарапка тең Газадагы гуманитардык абалды жакшыртуу, барымтадагыларды кайтаруу жана жаңжалды басуу үчүн согушту токтотуу макулдашуусуна жетишүү эң жакшы кадам болорун белгилеген.

Израил армиясынын Газадагы аскердик кампаниясы кеминде 44 400дөй адамдын өмүрүн алып, көбүн качкынга айланууга аргасыз кылганын анклавдын жетекчилиги билдирүүдө. Аймактын көп бөлүгү урандыга айланды.

"Amnesty International уюму Израил Газадагы палестиндерге каршы геноцид кылып жатат деген жыйынтыкка келген" деген иликтөө уюмдун сайтына 5-декабрда жарыяланды. Анда Израил "аёсуз, тынымсыз түрдө жана эч кандай жазага тартылбастан туруп" палестиндердин жашоосун "кадимки тозокко" айландырганы, геноцид жөнүндөгү конвенция тыюу салган, "Газадагы палестиндерди жок кылууга түздөн-түз багытталган" иштерди жасаганы белгиленди.

"Израил Газадагы палестиндерге эч кандай укукка да, адамдык кадыр-баркка да татыбаган "киши эместерге" кылгандай мамиле жасап, аларды жок кылуу ниетин ачык көрсөтүп келе жатат", – деди уюмдун башкы катчысы Аньес Калламар.

Газадагы аскердик операциянын башталышына ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун 2023-жылдын октябрь айындагы Израилдин конуштарына кол салуусу түрткү болгон. "Хамасчылар" анда 1200дөй кишини өлтүрүп, дагы 250дөй кишини туткунга алган.

Шерине

XS
SM
MD
LG