Салык кызматынын жетекчилиги камакка алынды
6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповду жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычовду 20-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Абдувапов жана Кыдыргычов кармалганын 6-декабрда кабарлаган. Атайын кызмат алардын электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталганын, коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө уланып жатканын билдирген. Салык кызматы бул тууралуу расмий маалымат бере элек.
Грузияда 23 митингчиге кылмыш иши козголду
Грузияда евроинтеграцияны жактап, нааразылык акциясына чыккан 23 адамга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 6-декабрда өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. 13 адамга "Тобу менен зомбулук көрсөтүү же ага катыштыгы бар" деген айып тагылды. Дагы бир адамга "Жардыруу уюштурган" деген кине коюлду. Шектүүлөрдүн аты-жөнү айтылган жок. Маалыматка караганда, алардын арасында чет өлкөлүк жарандар да бар. Эгер күнөөлүү деп табылса, тогуз жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулушу мүмкүн. Дагы тогуз адамга "Шаардын мүлкүнө зыян келтирүү жана полиция кызматкерлерине күч колдонуу" беренеси менен айып тагылды. Бул беренеде жети жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Тбилисиде евроинтеграцияны жактагандардын акциясы сегизинчи түн катары менен уланды. Алар өкмөттүн Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтотуп койгонуна нааразылыгын билдирип, бийлик элдин "кыялын, келечегин уурдап алганын" айтууда. Ошондой эле парламенттик кайра шайлоо өткөрүү талабы да коюлууда.
Түштүк Кореяда президенттин кызматтан кетүүсүн анын партиясы талап кылды
Түштүк Кореяда президент Юн Сок Ёлдун кызматтан кетүүсүн анын өзүнүн партиясы талап кылды. Бийликтеги Элдик партиянын лидери Хан Дон Хундун айтымында, президенттин кызматта калуусу демократия үчүн коркунуч жаратат. KBS телеканалынын маалыматына ылайык, 6-декабрдагы партия жетекчилигинин кезексиз жыйынында анын лидери президент кызматында кала турган болсо чоң тобокелчилик жаралышы мүмкүн экенин айтты. Хан Дон Ху президент менен жолукканын, бирок ал жолугушууда анын пикирин өзгөртө турган эч нерсе укпаганын кошумчалады. Сеулдагы парламенттин алдында президенттин бийликтен кетишин талап кылгандар 6-декабрда да чогулду. Ал эми имараттын ичинде оппозициячыл партиянын депутаттары “Президентти камагыла” деп кыйкырып турушту. 4-декабрда Түштүк Кореядагы ири оппозициялык күч саналган демократиялык "Тобуро" партиясы президенттин кызматтан кетишин талап кылып, импичмент жарыялоого чакырган. Тиешелүү мыйзам долбоору добушка 7-декабрда коюлат. Долбоор кабыл алынса, президенттин ыйгарым укуктары жана милдеттери токтотулуп, премьер-министр президенттин милдетин аткаруучу болот.
Румынияда президенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды
Румыниянын Конституциялык соту президенттик шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыгын жокко чыгарды. Мындай чечим экинчи турда жүрүп жаткан мөөнөтүнөн мурда добуш берүү учурунда кабыл алынды. Бул тууралуу 6-декабрда "Азаттыктын" румын кызматы жазды. Маалыматка караганда, Конституциялык соттун чечими арызданууга жатпайт. Ага ылайык, Румынияда президенттик шайлоонун биринчи айлампасы кайрадан өткөрүлөт. 24-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун биринчи турунда "Румындарды бириктирүү үчүн альянс" (AUR) ашынган оңчул партиясынын мүчөсү болгон, Европа Биримдигин жана НАТОну сындап жүргөн Кэлин Жоржеску жеңишке жеткен. 4-декабрда Румыниянын Улуттук коргонуу кеңеши өлкө "агрессивдүү гибриддик аракеттердин" бутасында калып, анын жыйынтыгында Жоржеску шайлоонун биринчи айлампасында жеңишке жеткенин ырастаган жашыруун документтерди ачыктаган. Румыниянын атайын кызматынын эсебинде, Орусия ТикТокто Жоржескуну колдогон кеңири кампания жүргүзгөн.
ИИМ үй-бүлөлүк зомбулукка күбө болгондорду милицияга кабарлоого чакырды
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги атайын видео ролик жарыялап, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарды же күбө болгондорду сөзсүз 102 номуруна чалууга чакырды. Милиция үй-бүлөлүк зомбулук жеке адамдардын көйгөйү эмес, коомчулуктагы олуттуу маселе экенин белгилейт. “Эгерде сиз зомбулукка күбө болсоңуз же өзүңүз жабыркасаңыз, четте калбаңыз. Кыска 102 номуруна чалыңыз. Жардам жакын жерде!” - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө. Өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иштерде милиция алдын алуу жана чукул чараларды жасабайт деген сын айтылып келет. Кыргызстанда ушул жылдын 10 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2% же 3 877 окуяга көп (былтыр 10 айда 10 416 факты катталган).
Өзгөндө акы төлөнүүчү айланма жол ачылды
Ош облусундагы Өзгөн шаарын айланып өтүүчү автоунаа жолу расмий ачылды. Ага президент Садыр Жапаров катышып, бул жолдун курулушу менен айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүлгөнүн айтты. ЭлТР телеканалы көрсөткөн репортажда бул жол мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен ишке ашып, 29 млн доллар инвестиция салынганы айтылды. Буга чейинки маалыматтарга караганда, жолдун узундугу 14 чакырым, туурасы 22 метрди түзөт. Жолго 200 жана 97 метр болгон эки көпүрө салынды. Журналист Болот Темировдун Temirov Live Ютуб каналында 1-октябрда "Өзгөндөгү жолго Тай-Мурас ээлик кылат. Ташиев баласына иш козгой алабы?" деген иликтөө чыккан. Анда Өзгөн айланма жолун “Тез жол” компаниясы салып жатканы, анын негиздөөчүлөрүнүн бири Тай-Мурас Ташиев экени айтылган. Президент Садыр Жапаров 2-октябрда "Кабар" агенттигине курган маегинде Өзгөндөгү айланма жолду салууга Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев инвестор тапканын айткан. Ал мамлекет узак убакытта өзүн актай турган долбоорлорго каражат салбай турганын, мындай иштерге жеке жактарды тартууга кызыкдар экенин кошумчалаган.
Дагы караңыз
Румынияда президенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылдыСалык кызматынын төрагасы жана орун басары 20-январга чейин камакка алындыГрузияда нааразылык акциясына катышкан 23 адамга кылмыш иши козголду"Президент калкына карасанатайлык кылды". Сеулда саясий кризис уланууда