Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 8-9-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Зымдарга жана бактарга суу кар жабышуусу мүмкүн. Айрым жерлерде туман түшөт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
7-декабрда Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндуз -2…+3;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндуз -2…+3;
Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндуз 1…+6;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;
Ысык-Көл облусунда күндүз -3…-8, күндүз -2…-7;
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -8…-13.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт, мезгил мезгили менен туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы -3…-5° суук, күндүз 0…2° жылуу болот.
Дагы караңыз
Румынияда президенттик шайлоонун алдында митинг өттүКрымдагы Керчь көпүрөсүнө дрон чабуулу болду Вашингтон эл аралык уюмдун Газадагы геноцид тууралуу корутундусуна макул эмесЧүйдө кыз ала качууга шектелип үч киши кармалды