6-декабрга караган түнү аннексияланган Крымдагы Керчь көпүрөсүнө дрон чабуулу болгонун жергиликтүү телеграм каналдар жазды. Маалыматка караганда, жардыруулар "Залив" кеме куруучу заводунун аймагынан угулган.
"Крым. Реалии" сайты жергиликтүү тургундардын маалыматына таянып, таңкы саат жетиден тарта бир нече ирет жардыруунун үнү угулганын жазды. Ушул тапта көпүрө жабылып, кыймыл токтоду.
Орусиянын Коргоо министрлиги 6-декабрга караган түнү абадан коргонуу системалары аннексияланган Крымдын үстүнөн бир украин учкучсуз учагын атып түшүргөнүн кабарлады. Кара деңизде Украинанын деңиз күчтөрүнө таандык эки учкучсуз учак жок кылынганы маалымдалды.
Украин тарап бул тууралуу маалымат бере элек.
Узундугу 19 чакырымдык көпүрө Орусиянын аймагын Крым жарым аралы менен байланыштырып турат. Украинанын аймагы саналган Крымды Орусия 2014-жылы аннексиялап алган. Орусия Украинага кол салган согушта көпүрө - орус аскерлерин камсыздоочу негизги жолдордун бири.
Орусия 6-декабрга караган түнү өлкөнүн абадан коргонуу системалары 33 учкучсуз учакты жок кылганын билдирди. Анын 14ү Воронеж облусунда, 11и Курск облусунда жана жети дрон Белгород облусунда атып түшүрүлгөн. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат айтылган эмес. (AiA)
Шерине