Түштүк Корея: Парламент 72 сааттын ичинде президенттин тагдырын чечет

Президент Юн Сок Ёлдун бийликтен кетишин талап кылгандар, 4-декабрь, 2024-жыл

Түштүк Кореяда оппозиция президентке импичмент жарыялоого чакырды. Тиешелүү мыйзам долбоору добушка 5-6-декабрь күндөрү коюлушу мүмкүн. 3-декабрдын кечинде Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль күтүүсүздөн өлкөсүндө аскердик абал жарыялаган.

Президентке импичмент жарыялоо сунушу

4-декабрда Түштүк Кореядагы ири оппозициялык күч саналган демократиялык "Тобуро" партиясы президент Юн Сок Ёлдун кызматтан кетишин талап кылып, импичмент жарыялоого чакырды. Рейтер агенттиги жазгандай, бул талапты оппозициядагы дагы беш партия колдоого даяр.

Оппозициялык партиянын лидери Ли Чжэ Мён өз сөзүндө президент Юн Сок Ёлдун аракетин Түндүк Корея менен аскердик жаңжалга түртүү коркунучу катары баалады.

Ли Чжэ Мён.

"Түндүк Кореяны провокация кылып, акырында аскердик жаңжалга алып келүү тобокелчилиги абдан жогору болуп жатат. Урматтуу мекендештер, азыр бизге сиздердин кыраакылыгыңыздар жана тилектештигиңиздер керек".

Мыйзамга ылайык, 300 депутаттан турган бир палаталуу парламент 72 сааттын ичинде импичмент боюнча жашыруун добуш берүүгө милдеттүү. Тиешелүү мыйзам долбоору добушка 5-6-декабрь күндөрү коюлушу мүмкүн.

Долбоор парламент тарабынан кабыл алынса, президенттин ыйгарым укуктары жана милдеттери токтотулуп, премьер-министр президенттин милдетин аткаруучу болот.

Эрежеге ылайык, акыркы чечимди өлкөнүн Конституциялык соту чыгарат. Соттон колдоо тапкан шартта өлкөдө 60 күн ичинде президенттик шайлоо өтүшү керек. Сот четке каккан учурда азыркы президент кызмат ордунда калат.

Президентке импичмент жарыялоо сунушун көтөргөн депутаттар. 4-декабрь, 2024-жыл.

Президент отставкага кетиши үчүн ага парламенттин үчтөн экиси, башкача айтканда, кеминде 200 депутат добуш бериши керек.

Парламентте 108 мандатка ээ Юн Сок Ёлдун "Элдин күчү" партиясы жана анын мүчөлөрү импичмент боюнча кандай добуш берери белгисиз.

Шаршембиде бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү Сеулдагы Кванхамун аянтында президент киргизип, кайра жокко чыгарылган аскердик абалды талкуулоого чогулду. Алар өкмөттүн да кызматтан кетишин талап кылышты. Полиция алардын санын 400дөй деп маалымдады.

Ал арада президенттин администрациясынын кызматкерлери жапырт иштен кетүү ниетин билдиришти. Yonhap маалымат агенттиги жазгандай, алардын арасында президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Син Вон Сик жана президенттин администрация башчысы Чон Чжин Сок дагы бар.

Корей профсоюздар конфедерациясы бир катар бейөкмөт уюмдар маалымат жыйын өткөрүп, президенттин аскердик абал жарыялоо чечими мыйзамсыз жана Конституцияга каршы экенин билдиришти.

3-декабрдын кечинде Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль күтүүсүздөн өлкөсүндө аскердик абал жарыялаган. Ал өз чечимин "оппозициянын мамлекетке каршы ишмердүүлүгү өкмөткө жолтоо болуп жатканы" менен түшүндөргөн.

Юн Сок Ёль.

"Мен Корея Республикасын Түндүк Кореянын коммунисттик күчтөрүнүн коркунучунан коргоо жана биздин өлкөдө эркиндикти, конституциялык тартипти сактоо үчүн аскердик абалды жарыялайм"

4-декабрдын таңында президент өз чечимин артка кайтарууга аргасыз болгон.

Президенттин кайрылуусунан бир нече сааттан кийин 3-декабрда Түштүк Кореянын парламенти президенттин жарлыгын жокко чыгаруу үчүн добуш берди. 190 депутаттын добушу менен президенттин жарлыгы жокко чыгарылды. Ал учурда ондогон адам парламент алдына нааразылык акциясына чыгып, полиция кызматкерлери кагылыша кетти. Ал эми Түштүк Кореянын JTBC телеканалы тараткан тасмада парламенттин кызматкерлеринин имаратка кирүүгө аракет кылган аскерлер менен кагылышканын көрүүгө болот.

Түштүк Кореянын парламент имараты. 3-декабрь, 2024-жыл.

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Түштүк Кореядагы кырдаал тууралуу буларды билдирди:

Марк Рютте

"Биз Түштүк Кореяда болуп жаткан кырдаалга тыкыр көз салып турабыз жана окуянын өнүгүшүнө байкоо салып жатабыз. Азыр бул боюнча толук комментарий бергим келбейт. Анткени, кореялыктар кырдаалды өз алдынча турукташтырууга аракет көрүүдө. Биз үчүн бул өлкө менен мамилебиз маанилүү экенин ишенимдүү түрдө айта алам".

Түштүк Кореяда саясий кризис быйыл жазда өткөн парламенттик шайлоодон кийин башталган. Ал шайлоодо Демократиялык партия 300 орундун 192син алып, парламенте көпчүлүктү түзгөн.

Демократиялык партия президенттин администрациясын компетентсиз деп айыптаса, президент парламентти анын демилгелерин алдыга жылдырууга мүмкүнчүлүк бербей жатат деп айыптап келген.

2023-жылы президенттин жубайы Ким Гон Хи эл алдына кымбат баалуу сумка көтөрүп чыгып, аны "белекке алган болушу мүмкүн" деген сөздөн улам жаңжал чыккан. Түштүк Кореяда мыйзам саясатчыларга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кымбат баалуу белек-бечкек алууга тыюу салат. Бул окуядан кийин президент элинен кечирим сураган.

63 жаштагы Юн Сок Ёл кесиби боюнча прокурор. Ал 2022-жылы майда президенттик шайлоодо жеңишке жетип, кызматка келген.