Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдү күчөтүп, накталай төлөмдөн баш тартуу талабы күч алып жатканын, бирок буга өлкөдө иш жүргүзгөн айрым банктар даяр эместигин эскертти. Ал парламенттин 4-декабрдагы отурумунда Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевден андай системасы туруксуз банктарга башкы банк эмнеге чара көрбөй жатканын сурады:
"Мына накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрөбүз деп атабыз. Бул жакшы. Бирок биздеги банктардын айрымдарында накталай эмес төлөм жүргүзүү системалары бат-баттан бузулуп турат. Анын кесепетинен жарандарыбыз акчасын иштете албай кыйналууда. Автобустарда жол кире накталай эмес төлөмдө төлөнүшү керек дедиңер. Бирок валидаторлор иштебей калып жатат. Мындай учурларда ким жооп берет? Эмне үчүн банктардан талап кылбайсыңар? Улуттук банк санариптик туруктуулугуна кепилдик бере албаган банктарга эмне үчүн чара көрбөйт? Кайра келип эле жарандарыбыз жабыркап, алар күнөөлүү болуп жатышат".
Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев мындай маселени мурда укпаганын айтып, кайсы банкта ушундай бузулуулар болсо маалымат беришин сурады.
Бекешев бул жооптон кийин Мбанк, Элбанк дайыма ушинтип бузуларын, Улуттук банк мындай учурларда "ооба, биздин коммерциялык өнөктөштөрдө мындай болуп турат" деп билдирүү таратарын эске салды. Тургунбаевди кырдаалды билбегени үчүн сынга алды.
Депутаттын сөзүнө Улуттук банктын төрагасы жооп бере алган жок.
Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагасы болуп эки ай мурда - 26-июнда келген. Ага чейин 2023-жылдан тарта жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп иштеген адамдын башкы банктын башына келиши "системага жат адам келди" деген пикирлерди жараткан.
23-августта президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге "жетекчилик курамды талаптагыдай координациялабагандыгы үчүн" сөгүш жарыялаган. Анын орун басарлары Манас Жакыпов менен Кайып Куленбеков ээлеген кызматтарынан бошотулган.
Мелис Тургунбаевге быйыл апрелде да жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп иштеп турган кезинде "өзүнө баш ийген кызматкерлерге жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн" сөгүш берилген.(ZKo)
Дагы караңыз
Министр Полотова кызматтан кетип, ордуна Сабиров көрсөтүлдүДепутат Балбак Түлөбаев Министрлер кабинетинин салык саясатын сындадыКамсыздандырылбаган унааларга айып пул салуу мөөнөтүн жылдыруу сунушталды Жогорку соттун төрагасы “колу туткак” судьяларды кызматтан кетүүгө чакырдыУКМК Бишкектеги салык кызматынын жетекчилерин кармаганы кабарлануудаГүлнара Каримованын иши боюнча швейцариялык банкка айып тагылды