Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:44

Министр Полотова кызматтан кетип, ордуна Сабиров көрсөтүлдү


Жылдыз Полотова жана Равшанбек Сабиров. Коллаж.
Жылдыз Полотова жана Равшанбек Сабиров. Коллаж.

Жылдыз Полотова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы 4-декабрда кабарлады. Бирок кайсы кызматка которулганын тактаган жок.

Президент анын ордуна Равшанбек Сабировду министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындады. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.

Равшанбек Сабиров 2010-жылы “Ата Мекен” партиясынан парламентке депутат болуп шайланган. Көп өтпөй бул партиянын сунушу менен социалдык өнүктүрүү министри болгон. 2012-жылы ал чет өлкөгө бала асыроого уруксат берүүдөгү коррупцияга шек саналып камакка алынган. Сот аны беш жылга кесип, абакта эки жыл жазасын өтөгөн соң мунапыс менен эркиндикке чыккан.

2020-жылы бийликтин алмашуусуна алып келген Октябрь окуяларында Садыр Жапаровдун командасы менен бирге бийликке келген Равшан Сабировдун соттуулугу жоюлуп, президенттин кеңешчиси жана вице-премьер-министр кызматтарын аркалаган. Ал президенттин кеңешчиси болуп турганда Ысык-Көлдүн жээгине курулары айтылган “Асман” шаары боюнча иш алып барган.


2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2022-жылы март айында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кызматына келип, ошол эле жылдын сентябрь айында кызматтан кеткен.

Жылдыз Полотова быйыл июнь айында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалган. Ага чейин акыркы төрт жылдан бери сөз болуп жаткан министрликте орун басар болуп иштеп келаткан. Ал 2018-жылы эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп турган кезинде премьер-министрдин уруксатысыз чет өлкөлөргө бир нече ирет саякаттаганы тууралуу чуулгандуу окуядан кийин кызматтан кетип кайра келген.

Жылдыз Полотова 1974-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда Мырза-Аке айылында төрөлгөн. 1997-жылы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин технология факультетин аяктаган, 2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1994 жылы Ош облустук “Билим” коомдук уюмунда бухгалтердин жардамчысы болуп баштаган. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 2007-жылдан бери ар кандай кызматтарда иштеп келаткан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG