Ага улай эле бир нече адвокат басма сөз жыйынын өткөрүп, кесиптешинин камакка алынышын айыпташты. Алар муну адвокаттардын эркиндигине жана адам укуктарына коркунуч катары сыпаттап жатышат.
Матцаковду ноябрдын соңунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кармаган. Ал "Алдамчылыкка" жана "Документтерди жасалмалоого" шек саналууда.
Кыргызстандагы бир нече адвокат, юристтер жана укук коргоочулар адвокат Самат Матцаковдун кармалышына тынчсыздануусун билдирип чыгышты. Алардын айрымдары Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, аны кармоодо "Адвокат жана адвокаттык ишмердик жөнүндө" мыйзам бузулганын, бул кесиптин көз карандысыздыгына, эл аралык стандарттарда каралган кепилдиктерге каршы келерин билдиришти.
Матцаковдун укугун коргоп жаткан юрист Нурсултан Жаныбеков Кыргызстандын мыйзамдары жактоочуну өзүнүн ишмердигине жана кардары менен байланышкан иштер боюнча суракка чакырууга жол бербей турганын айтты. Ал соттун чечимисиз адвокаттын үйү тинтилгенин белгилеп, мыйзам одоно бузулган бир нече учурду атады:
"Адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө" мыйзамдын 29-беренесине ылайык, жактоочунун үйүнө, иш бөлмөсүнө жана башка менчик имараттарына кирүү үчүн соттун гана токтому болушу керек. Бирок тергөөчү шашылыш, өзүнүн токтому менен тинтүүгө барды. Тинтүүдө кылмыш ишке тийиштүү маалыматтар, далилдер алынган жок. Бул жерде бир гана ишмердигине байланыштуу мыйзам бузуу болгон. Кармоо учурунда дагы Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин жоболору одоно бузулган. Бир гана айыпкер катары жоопко тартуу менен чектелип, анын кармалышынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү үчүн сотко алып келишкен жок. Бирок де юре токтом толтурулган жок, дефакто ал УКМКнын башкы тергөө башкармалыгында кармалып турду. Бул дагы жарандын укугун, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарын жана Конституциянын 61-беренесин тергөө органдары четке кагып койгонунан кабар берет".
Жаныбековдун белгилешинче, Кыргызстандын адвокатурасы Матцаковдун кармалышындагы мыйзам бузууларга байланыштуу баш прокурорго, Акыйкатчы институтуна жана Кыйноолорду алдын алуу борборуна кайрылуу жолдоду.
Мекеменин 2-декабрдагы катында бул көрүнүш адвокаттык кесиптин көз карандысыздыгына жана мыйзамда, эл аралык стандарттарда каралган кепилдиктерге каршы келери белгиленген. Адвокаттардын кесиптик себептер менен куугунтукталышы сот системасына болгон ишенимди кетирип, жарандардын укуктарын буза турганы жазылган.
Адвокаттар кеңеши Матцаковго кылмыш иши козголгону, камакка алынганы же ага айып коюлганы боюнча расмий билдирүү албаганын билдирди.
Мыйзамда адвокатка кылмыш иши козголгон учурда Адвокатурага жана Юстиция министрлигине токтоосуз кабар берилиши керектиги жазылган.
Жактоочу Тимур Султанов жарандарга жеткиликтүү юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокаттардын мыйзамда белгиленген иммунитети сакталып, кол тийбестиги кепилдениши керек деп эсептейт:
"Биз, адвокаттар, дарыгерлер сыяктуу эле саясаттан тышкарыбыз. Биз жарандардын укугун коргоодо анын жынысына, расасына, диний, саясий көз карашына карап тандабайбыз. Биздин кесип баарынын кызыкчылыгын Конституциядагы мыйзамдардын алкагында коргойт. Алардын кызыкчылыгы адвокаттар аркылуу корголот. Биз азыр Матцаковду гана коргоп жаткан жокпуз. Бул жөн гана жактоочуну кесиптик ишмердигине байланыштуу эле кармоо эмес. Биз азыр адвокаттык кесипти коргоп жатабыз. Бул кесиптик биримдикке кол салуу болуп эсептелет", - деди Темир Султанов.
- Буга улай эле бир топ укук коргоочу, жарандык активисттер билдирүү таратып, Матцаковдун кармалышын сынга алды. Анда да бул окуя кадимки укук коргоо иш-аракеттеринин алкагынан чыгып, Кыргызстандын адвокаттык ишмердигинин эркиндигине жана адам укуктарына системалуу коркунуч бар экенин көрсөтүп турганы жазылган.
- Билдирүү ээлери бул окуя көз карандысыз адвокатурага гана басым көрсөтпөстөн, укук жана адилеттүүлүк нормаларын толугу менен четке кагуунун көрүнүшү болуп калганын белгилешкен.
- Жактоочунун бөгөт чарасын кароо боюнча соттук териштирүү тараптардын тең укуктуулук принцибин ачык эле четке каккан шартта өткөнү айтылган.
"Кылым шамы" укуктук борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова буларга токтолду:
"Адвокаттын, жөнөкөй жарандардын укугун коргой турган кишилердин укуктары бузулгандан кийин, мындан ары башка жактоочулар өзүнүн кесиптик ишмердигин жүргүзүүдөн коркуп калышат. Бул кармоо ушуга алып барат. Ал адилеттүү соттук чечим качан чыгат - үч тарап тең салмакта болгондо гана. Коркуп, бул ишимдин артынан соттолуп кетишим мүмкүн, кармап кетиши мүмкүн деп сотко катышкан адвокаттардын укугу, соттук процесстерде тең салмактуулук болобу, жокпу, соттун чечимдери адилеттүү болобу деген чоң суроо пайда болууда".
Билдирүү ээлери адвокат Матцаковдун кармалышы боюнча бийлик өкүлдөрү так жана ишенимдүү түшүндүрмөлөрдү бербегени иштин саясий мүнөзү бар деген шек туудурарын белгилешкен. Билдирүүгө 17 адам кол койгон.
Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев бардык адамдар мыйзам алдында бирдей экенин, эгер мыйзам бузулса прокуратура жана аны кабыл алган Жогорку Кеңеш көзөмөлдөшү зарыл экенин белгиледи:
"Бардыгы мыйзам менен болуш керек да. Мыйзамда адвокаттар кармалбасын, журналисттер соттолбосун, саясатчылар ар дайым аман-эсен жүрсүн деген сөз жок да. Минтип бөлбөшүбүз керек. Адвокаттар жөнүндө мыйзам бар. Негизи бардык нерсени мыйзамга такаш керек. Бул "любимчик", бул "нелюбимчик", ага баары уруксат, сөгүнсө да, башкасы да болот деген туура эмес. Баарыбыз - жөнөкөй адамдан президентке чейин мыйзам алдында бирдей болушубуз керек. Ошондо гана тартип болот. Ал эми мыйзамды кабыл алган Жогорку Кеңеш, эгер туура эмес болсо, ага жооп бериш керек. Кабыл алынган мыйзамдарды түшүндүрүш керек, чечмелеш керек. Алар дагы култуюп отурбаш керек. Бирөө алып келген долбоорго кол көтөрүп отура бербей, алган мыйзамын көзөмөлдөш керек. Андан сырткары мыйзамды көзөмөлдөгөн прокуратура бар. Укугу бузулса, укук коргоо органдарына кайрылыш керек. Бүт бардык механизмдер бар да".
Юрист Эркина Убышева бул көрүнүштү өлкөдөгү укуктук системага кооптуу коңгуроо катары баалады:
"Бул көрүнүш саясий кызыкчылыктардан көз каранды болгону үчүн коррупцияга байланыштуу бир топ сын-пикирге кабылып келген сот системасына, сот адилеттигине көлөкө түшүрөт. Матцаков сыяктуу жактоочулар жөн гана юрист эмес, ар бир жарандын укугун коргоочулар экенин түшүнүшүбүз керек. Анын иши ар бир кыргызстандык мыйзам алдында корголорун сезиши үчүн күрөшүү болуп эсептелет. Жактоочуларды кесиптик ишмердиги үчүн куугунтуктоо саясий сезимтал иштер боюнча кардарларынын укугун коргогон адвокаттар арасында коркууну жаратат. Эгер Матцаковго айыптоо өкүмү чыкса, бул ар бир жактоочуга, сот системасындагы көз карандысыз институт болуп эсептелген жалпы адвокатурага карата чыккан өкүм болуп эсептелет. Анда сот адилеттүүлүгүнүн ордуна мамлекеттик машинанын жарандарга карата өзүм билемдиги же ээн баштыгы орун алат".
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ошентип, жарандык коом адвокат Самат Матцаковду дароо жана шартсыз бошотууну, анын кармалышын объективдүү жана ачык иликтөө, адвокаттарды ар кандай куугунтуктан коргоо чараларын көрүүнү талап кылууда.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун жана үч жылга кесилген ырчы жана акын Аскат Жетигендин, журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекееванын адвокаты 30 жаштагы Самат Матцаковду 29-ноябрда кармаган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 30-декабрга чейин камакка алган. Ал Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Тергөө абагында кармалат. Адвокатка Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") жана 379-беренеси ("Документтердин жасалмасын жасоо") менен иш козголгону сотто маалым болгон. Ал өзүнүн кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, күнөөсү жок экенин билдирүүдө. Мекеме бул тууралуу расмий маалымат бере элек.