Грузияда евроинтеграцияны жактаган акциялар бешинчи түнү уланды

Тбилисиде Евробиримдикке кошулууну жактап нааразылык акциясына чыккандар.

Грузиянын баш калаасы Тбилисиде полиция 3-декабрга караган түнү нааразылык акциясына чыккандарды көздөн жаш агыза турган газ жана суу бүркүп таратты.

Төрт миллион калкы бар бул өлкөдө бийликке каршы толкундоолор бешинчи түн катары менен уланды. Демонстранттар өкмөттүн Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтотуп койгонуна нааразылык билдирүүдө. “Азаттыктын” грузин кызматы жазгандай, бул түнү да көп адам кармалды. Алардын соңку саны азырынча белгисиз. 2-декабрда жалпы камалгандардын саны 224кө жеткени кабарланган.

Грузиянын Ички иштер министрлиги 2-декабрдын кечинде жасаган билдирүүсүндө демонстранттарды шаардын инфратүзүмдөрүн бузуп-талкалоого жана полициячыларга кол салууга айыптады. Мекеменин маалыматына караганда, “жаалданган топтун мүчөлөрү” полиция тарапка ар кандай буюм-тайымдарды, таш, бөтөлкө, жардыруучу заттарды ыргыткан.

Буга чейин Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили полициянын аракеттерин сынга алып, демонстранттардын көбү кармоо учурунда аеосуз сабалганын X социалдык түйүнүнө жазган.

Нааразылык толкундоолору Тбилисиден тышкары Батуми, Кобулети, Озургети жана башка шаарларда өтүп жатат. 2-декабрда митингдерге мектеп окуучулары, студенттер, мугалимдер да чыгышты.

Грузиянын акыйкатчысы Леван Иоселиани Ички иштер министрлигин митингдерге тоскоолдук жаратпоого чакырды.

Ал арада демонстранттар бири-бирине биринчи жардам көрсөтүп, митингчилерге ыктыярчылар бекер кофе, ысык тамак сунуштап жатышат.

Дагы караңыз

Бир нече адвокат Матцаковдун камалышын айыптадыУлуттук онкология жана гематология борборун Нурбек Букуев жетектейтАта-энесин бакпагандарды жазалоо мыйзамы ишке кирди