Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:00

Ата-энесин бакпагандарды жазалоо мыйзамы ишке кирди


Карылар үйүндөгү карыя. Иллюстрациялык сүрөт.
Карылар үйүндөгү карыя. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзамдын максаты – сот актысынын негизинде, жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдардын өздөрүнүн эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерин багууга каражат төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн жоопкерчиликти тактоо жана жазаны катаалдаштыруу максатында иштелип чыккан.

Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 179-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү, жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдар 12 айдан ашпаган мезгилде түзүлгөн, эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерди багуудан баш тартса, ага кетүүчү каражатты соттун чечиминин негизинде төлөөдөн баш тартса, 20-50 миң сом айып пул салынат же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө коомдук иштерге, же түзөтүү жумуштарына тартылат. Эгер каражат төлөнбөгөн мөөнөтү 12 айдан ашса, бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат жана 50-100 миң сомго чейин айып пул салынат.

Жарандык кодекстин 204-беренесине киргизилген өзгөртүүгө ылайык, эмгекке жарамсыз, улгайган ата-энесин бакпай кеткен балдарынан алимент өндүрүү үчүн жергиликтүү бийлик органдары, мамлекеттик социалдык тейлөө кызматтары сотко кайрылууга укуктуу.

Эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энесин карабай, таштап кеткендердин жазасын күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору 17-октябрда Жогорку Кеңеште кабыл алынган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин караштуу 17 социалдык стационардык мекемеде 2 389 адам жашайт. Алардын ичинен 529у кары-картаңдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ошондой эле психоневрологиялык диагнозу коюлган 1 373 киши бар.

Бишкекте мамлекет каржылаган Карылар үйү бар. Андан тышкары соңку жылдары багар-көрөрү жок, жардамга муктаж кары-картаңдар үчүн жеке жайлар ачылып жатат. Адатта алар кайрымдуулук фонддорунун колдоосу менен иштейт. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG