Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Улуттук онкология жана гематология борборун Нурбек Букуев жетектейт


Нурбек Букуевди Улуттук Онкология жана гематология борборунун эмгек жамаатына тааныштыруу учуру. 3-декабрь, 2024-жыл.
Нурбек Букуевди Улуттук Онкология жана гематология борборунун эмгек жамаатына тааныштыруу учуру. 3-декабрь, 2024-жыл.

Улуттук онкология жана гематология борборуна жетекчи болуп Нурбек Букуев дайындалды. Аны 3-декабрда борбордун эмгек жамаатына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тааныштырды. 42 жаштагы Нурбек Букуев буга чейин Улуттук борбордун гинекология бөлүмүн жетектеп келген.

Улуттук онкология борборунун мурдагы жетекчиси Бактыгүл Султангазиева бир ай мурун кызматынан алынган. Аны кызматтан алуу сунушун саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Министрлер кабинетине киргизген.

Султангазиеванын дарегине Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары сын-пикир айтышкан. Депутат Айсулуу Мамашева аны "онкология дартына чалдыккан бейтаптарды жеке клиникасына барып дарыланууга мажбурлайт" деп айыптаган.

Депутаттардын дооматтарына Бактыгүл Султангазиева эч кандай комментарий берген эмес.

Султангазиева аталган борборду 2021-жылдан бери жетектеп келди. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG