Акыркы эки жылда Орусиянын 6 миң жараны кыргыз жарандыгын алды

Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин директору Арсен Миңбаев 2023-жылы Орусиянын 10 миңге жакын, 2024-жылдын ушул мезгилине карата 7 миң жараны Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча арыз тапшырганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, акыркы эки жылда ал арыздардын негизинде 6 миң кишиге Кыргызстандын жарандыгы берилген.

Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин 3-декабрдагы жыйынында депутат Чыңгыз Ажибаевдин суроосуна жооп берип жатып айтты. Депутат ошол эле кезде Баткен облусунун Лейлек районунда Кыргызстанга келин болуп келген Тажикстандын жарандары 20-30 жылдан бери кыргыз жарандыгын ала албай жатканын билдирди.

“Ашып кетсе 50 киши болот. Алар 30 жылдан бери бала-чакалуу болуп, небере да көрүп калышты. Канча жылга чейин жарандык ала албай жүрө беришет?” - деди ал.

Арсен Миңбаев Калкты каттоо департаментинин кызматкерлери алардын маселесин чечүүгө аракеттенип жатканын, бирок көп учурда алардын эч кандай документи жок болуп чыгып, коңшу өлкөлөргө кат жиберилген учурлар бар экенин айтты.

Президенттин кыргыз жарандыгын берүү жана жарандыктан чыгаруу тууралуу жарлыгындагы маалыматтар Кыргызстанда 2023-жылдын августунан бери жабык боло баштады. Ага чейин тизме ачык жарыяланчу.

Былтыр августта орусиялык финансист жана блогер Михаил Жуховицкийдин кыргыз паспортун “оюн үчүн гана алып койгону талкуу жараткан. Быйыл ондогон орусиялыктар кыргыз жарандыгын алган учурлары ачыкка чыккан.

25-мартта The Moscow Times басылмасы Орусиянын саясий жана ишкер чөйрөдөгү таанымал адамдары кыргыз жарандыгын алып жатканын жазган.

“Азаттык” 2022-жылы 31-декабрда чыккан №417 жарлыктан Орусияда таанымал ондогон ири саясатчы, мамлекеттик кызматкер жана ишкерлер кыргыз жарандыгын алганын аныктаган.

“Азаттыктын” иликтөөлөрүндө соңку жылдары орус жарандыгынан баш тартып, Кыргызстандын жарандыгына кайткан кыргыздар басымдуулук кылып жатканы маалымдалган. Буга Украинадагы согушка байланыштуу мобилизация жана кийинки кезде мигранттардын укугун чектеген мыйзамдардын көбөйүшү себеп экени айтылып келет. (BTo)

Дагы караңыз

Баткенде климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу маселеси талкууландыСадыр Жапаров социалдык стационардык мекемелерди жаңылоо иштери жүрө турганын билдирдиОпумбаев 2020-жылдагы Октябрь окуясында резиденцияда болгонун айттыКыргызстандын Адвокатурасы Матцаковдун иши боюнча баш прокурорго кайрылдыУкук коргоочулар адвокат Самат Матцаковдун камалышын сынга алды