Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:56

Опумбаев 2020-жылдагы Октябрь окуясында резиденцияда болгонун айтты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев. 2-декабрь, 2024-жыл.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев. 2-декабрь, 2024-жыл.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев 2020-жылдагы Октябрь окуясында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында болгонун айтты. Ал 2-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна Кой-Таш окуясы боюнча отурумга күбө катары көрсөтмө берүү үчүн барганда журналисттердин суроолоруна бул тууралуу кыска гана жооп берди.

УКМКнын мурдагы төрагасы 2020-жылдагы башаламандык учурунда жана ага чейин коомдук абалга талдоо болгон-болбогону тууралуу суроолорго комментарий берген жок. Орозбек Опумбаев 2020-жылы бийлик алмашууга алып келген Октябрь окуясынан бери коомчулукка биринчи жолу чыкты.

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрындагы Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 5-октябрда Бишкекте ири нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Ал күнкү митингдер түнү менен уланып, 6-октябрга караган түнү нааразылык билдирип чыккандар Жогорку Кеңеш жана президенттик аппарат жайгашкан Ак үйгө кирип барышкан. Ала-Тоо аянтындагы түнкү башаламандыктар учурунда 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу кулак тундуруучу жардыргычтан улам жаракат алып каза болгон.

Ошол учурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт, анын ичинде ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 6-октябрда кызматтан кеткен. 9-октябрда ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Орозбек Опумбаевди УКМКнын төрагалык кызматынан бошоткон.

Сооронбай Жээнбеков өзү 16-октябрда Жогорку Кеңеште кайрылуу жасап, президенттик кызматтан кеткен.

Бийлик алмашууга алып келген Октябрь окуяларынан бери Орозбек Опумбаевдин кайда экени белгисиз болуп жаткан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG