Балтика өлкөлөрү Грузиядагы толкундоону күч менен таркатууга катышкандарга санкция салат

Тбилисидеги нааразылык акцияларын күч менен таркатуу учуру. 1-декабрь, 2024-жыл.

Эстония, Латвия жана Литва Грузиядагы нааразылык акцияларынын катышуучуларын күч менен таркатууга тиешеси барларга санкция киргизүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Эстониянын тышкы иштер министри Маргус Цахкна билдирди.

"Демократияга каршы чыккандарга жана адам укуктарын бузгандарга биздин өлкөлөрдө жол жок", - деп жазды X социалдык түйүнүндө.

Грузиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 29-декабрдан бери 224 киши кармалды. Алар майда бейбаштык, полицияга каршылык көрсөтүү жана баш ийбөө беренелери менен айыпталууда. Дагы эки демонстрантка полициячыларга кол салуу беренеси менен кине тагылды.

Төрт миллиондой калкы бар бул өлкөдө толкуундоолор өкмөт Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр 2028-жылдын аягына чейин жүрбөй турганын жарыялагандан кийин башталган.