Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Орусияда жол кырсыгына кабылган төрт жаран ооруканада жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Саратов облусунда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык жарандар тууралуу маалымат берди.

Мекеменин басма сөз кызматы 30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү Ершов-Озинки жолунда болгон кырсыктан Кыргызстандын бир жараны каза таап, дагы беш адам түрдүү жаракат менен ооруканага жеткирилгенин ырастады.

"Кырсыктын кесепетинен 27 жаштагы жүргүнчү Т.У. окуя болгон жерден каза тапкан. Беш адам жабыркап, Энгельс шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилген. Айдоочу оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жайгаштырылып, калган жабыркагандардын абалы "орточо оор" деп бааланган. 2-декабрь күнү бир жаран үйүнө чыгып кеткен, төртөө ооруканада дарылануусун улантып жатышат", - деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Маалыматта ошондой эле Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө жана кырсыктан жаракат алган жарандарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүп жатканы кабарланды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары 30-ноябрда саат 02:20 чамасында Саратов облусундагы Ершов-Озинки жолунда кыргызстандык жарандар бара жаткан унаа жол кырсыгына кабылып, бир жүргүнчү каза болгонун жазып чыгышкан.

Расмий маалыматтарга ылайык, былтыркы жылы чет өлкөлөрдөн мекенине 530 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди. Басымдуу бөлүгү Орусиядан алып келинсе, калгандары Корея, Түркия, Казакстандан келгендер. Бул үчүн мамлекеттен 57 млн 610 мин сом бөлүнгөн.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, 2022-жылы бир жыл ичинде чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын сөөгү мекенине келген. Алардын 200дөн ашууну Орусияда каза болгон.

2021-жылы Кыргызстанга четтен 540 адамдын сөөгү “Жүк-200” болуп алып келинген.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG