Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:02

Өзбекстанда президенттин күйөө баласынын жардамчысы кармалды


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласы Отабек Умаров.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласы Отабек Умаров.

Өзбекстанда Маалыматтык саясат департаментинин мурдагы жетекчиси, президенттин улуу кызынын өнөктөшү деп айтылып жаткан Комил Алламжоновго кол салуу аракети боюнча президенттин коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери Шухрат Расулов кармалды.

"Озодлик" радиосу өз булактарына таянып жазганына караганда, Расулов президенттин күйөө баласы Отабек Умаровдун "оң колу" деп саналчу.

Маалыматка ылайык, "Жигули" жана "Колобок" деген лакап ысымдары менен таанымал Расулов Алламжоновду өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелүүдө.

Өзбек маалымат каражаттарынын бири да Расуловдун камалганы тууралуу жазган жок. Анын алдында эле ушул иш боюнча Түштүк Кореяда Жавлон Юнусов аттуу жаран кармалып, Ташкентке 25-ноябрда депортацияланган. Буга чейин Алламжоновго кол салуу аракетине жети киши шектелип жатканын 25-ноябрда Башкы прокуратура билдирген.

Расулов Умаров жетектеген "таасирдүү кеңсенин" да лидерлеринин бири болгон.

Шавкат Мирзиёевдин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары, президенттин кичүү күйөө баласы Отабек Умаров Түштүк Кореяга чыгып кеткени тууралуу маалымат тараган. "Озодлик" Умаров кызматтан алынганын 25-ноябрда жазган. Алламжоновго кол салуу 26-октябрда Ташкентте болгон.

40 жаштагы Алламжоновду президент Мирзиёевдин башкы кеңешчиси жана анын кызы Саида Мирзиёеванын насаатчысы деп атап келишкен. Ал Маалыматтык саясат департаментинин жетекчилигинен быйыл сентябрь айында кеткен. Алламжоновдун кызматтан кетиши башка ишке өтүү катары көрсөтүлгөнү менен, башкаруучу үй-бүлөнүн ичиндеги ажырымдын белгиси катары мүнөздөлүүдө.

Ок атуу жаңжалынан улам бир катар жетекчилер кызматтан алынды. Мындай чечимге эмне себеп болгону расмий кабарланган жок. "Озодлик" радиосунун булактары билдиргендей, президенттин бул чечими Министрлер кабинетинин чукул жыйынында кабыл алынган.

Шерине

XS
SM
MD
LG