Сирия: Өкмөткө каршы куралдуу топ Идлиб провинциясын көзөмөлгө алды

30-ноябрь, 2024-жыл. Сириялык оппозициячыл согушкер Алеппо шаарынын борборунда абага ок атып жатат

Сирияда Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп келаткан куралдуу топтор өлкөнүн түндүк-батышындагы Идлиб провинциясын толугу менен өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Reuters өз булактарына таянып билдирди.

Алар Алеппо провинциясынын көпчүлүк бөлүгүнө дагы көзөмөл орноткон.

Сириянын телеканалдарындагы маалыматка ылайык, 30-ноябрга карата куралдуу кагылыштан армиянын 150дөн ашуун жоокери каза болду. 1-декабрдан тартып Алепподо жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дөн баштап коменданттык саат кирери кабарланды.

Катардын “Аль-Жазира” телеканалы билдиргендей, Алеппонун аэропорту куралдуу топтун көзөмөлүнө өткөн. Бардык каттамдар токтотулуп, шаарга барчу жолдор жабылган.

Сириянын маалымат каражаттары өкмөткө каршы топтор Алеппонун чыгышында жайгашкан, өлкөнүн Аскер-аба күчтөрүнө таандык Кумерайс аэродромун дагы ээлеп алганын билдирүүдө.

Reuters агенттиги эки сириялык армиядагы булактарына таянып, орусиялык жана сириялык авиация 30-ноябрда өкмөткө каршы топтордун Алепподогу позицияларына сокку урганын кабарлады.

Алепподо 2016-жылдан берки эң масштабдуу кармаш болууда.

30-ноябрда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Иран жана Түркиядагы кесиптештери менен телефондон сүйлөштү. Министрлер Сириядагы абалды стабилдештирүү аракеттерин күчөтүүнү макулдашты.

Дагы караңыз

АКШ Грузия менен стратегиялык өнөктөштүгүн токтоттуЗеленский НАТО Украинанын аймагын коргосо гана согушту токтотууга болорун айтты Билим берүү мекемелеринде телефон колдонуу тартиби иштелип чыкты Аба ырайы: жаан, кар жаайт