Ушул тапта Кыргызстандын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарынын болжолдуу саны 605 миңдин тегерегинде.
2023-жылы - 651 485, ал эми 2022-жылы – 836 994 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө болчу.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу "Азаттыкка" курган маегинде билдирди. Анын айтымында, 2024-жылдын биринчи жарымында Орусияда 334 миңге жакын кыргызстандык барын ал өлкөнүн миграция кызматы билдирген.
Сейтек Жумакадыр уулу Орусиядан кайткан же кире албай калган жарандардын кайсы бир бөлүгү Кыргызстанга келе баштаганын белгиледи. Ал мигранттардын мекенине кайтуусунун негизги себеби өлкөдөгү экономиканын өсүшү, жаңы жумушчу орундардын түзүлүп жаткандыгына байланыштуу деп эсептейт. Ошол эле учурда Орусиядан кайткан мигранттардын бир бөлүгү Түркия, АКШ, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмирликтери, Германия, Италия, Улуу Британияга кетип жатканын статиска көрсөтүп турганын кошумчалады.
ТИМдин ушул жылдын 1-ноябрына карата берген маалыматы боюнча азыр Кыргызстандын 1661 жараны чет өлкөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын 1370и Орусияда, 11 жаран Италияда абакта отурат. Быйыл Орусиядан 90, Тажикстандан 1, Казакстандан 9 соттолгон кыргызстандык жазасын мекенинде өтөө үчүн которулуп алып келинген. Дагы 57 жаран Орусиядан Кыргызстанга которулуу этабын күтүүдө.
Соңку учурларда кыргызстандыктардын Орусиянын аймагына кирүүсүнө тоскоолдуктар болуп, текшерүүлөр күч алууда. Москвага учуп барган кыргызстандыктардын ичинен ондогон жарандар түрдүү себептер менен Орусияга киргизилбей, артка кайтарылган.
Ушундан улам Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кырдаалга тынчсыздануусун билдирген учурлар бар.
ТИМ өткөн айдын башында Орусиядагы кошумча коопсуздук чараларынын киргизилишинен жана мамлекеттик чек арадан чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө көзөмөлдүн күчөтүлүшүнөн улам кыргыз жарандарын зарыл иши болбосо, Орусияга убактылуу барбай турууга чакырган.
Быйыл Москвада "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган.(KE/ZKo)
Дагы караңыз
Жалал-Абаддагы түрмө Базар-Коргонго которулдуКамчыбек Ташиев “кемпирабадчылар” менен жолугуштуЖурналисттерди жана ишкерди коргогон адвокат камакка алындыОрус атуулдугунан ажыратылган борбор азиялыктар Украина Ростов облусундагы мунай базасына кайрадан сокку урду“Яндекс.Такси” депутат Акаевдин комиссия жогору деген сөзүн четке кагууда