Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Жалал-Абаддагы түрмө Базар-Коргонго которулду


Аялдар жана өспүрүмдөрдүн тергөө абагы. Жалал-Абад. Ноябрь, 2023. Иллюстрация.
Аялдар жана өспүрүмдөрдүн тергөө абагы. Жалал-Абад. Ноябрь, 2023. Иллюстрация.

Жалал-Абад шаарынын ичиндеги №10 жаза өтөө колониясы Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагына жайгаштырылды.

Анын жанына Жаза аткаруу кызматына караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын кайтаруу батальонунун аскер шаарчасы да курулган. Шаарчанын ачылышы 29-ноябрда өттү. Аймактагы кабарчыбыздын маалыматында, аскер шаарчасында жоокерлер үчүн ашкана, эс алуучу бөлмө, мончо иштейт, батальондун өздүк курамдын күнүмдүк тиричилиги үчүн бардык шарттар каралган.

Жаза өтөө мекемесинин жаңы имараты 1250 орунга эсептелген. Анын ичинде жалпы режимдеги соттолгондор үчүн 1000 орун жана күчөтүлгөн режимде жазасын өтөөгө өкүм кылынгандар үчүн 250 орун бар.

Мындан тышкары, жаза өтөө мекемесинин алдында күнүнө 40 миң даана кирпич чыгаруучу завод иштей баштады. Мекеме жетекчилигинин маалыматында, бул заводдо 50-70 адам иш менен камсыз болушат.

Тигүү, темир устачылык, нан бышыруучу жана башка цехтер да ачылган. Бул өндүрүштө учурда 130дан ашуун соттолгон адам иштеп жатат.

Жалал-Абад шаарындагы №10 түзөтүү мекемесинин имаратын жана кайтаруучу департаментинин №5 батальонунун имаратын сүрдүрүү иштери былтыр башталган. Бузулган имараттар ордуна шаардыктар үчүн гүлбак (сквер) курулары кабарланган.

Пенитенциардык тармактагы реформаларга ылайык, Бишкек шаарындагы №47 колония былтыр башка жакка көчүрүлгөн. Борбор калаанын чок ортосундагы №1 тергөө абагын, Ош шаарынын борборундагы №5 тергөө абагын жана Каракол шаарындагы базарга катар жайгашкан №3 тергөө абактарын шаар сыртына көчүрүүгө атайын жер тилкелери бөлүнгөн.

Жаза аткаруу кызматы учурда аларды көчүрүү боюнча долбоордук-сметалык иш кагаздар даярдалып жатканын, бул үчүн бюджеттен 26 млн сом бөлүнгөнүн "Азаттыкка" кабарлаган.(TB/ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG