Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:38

Украина Ростов облусундагы мунай базасына кайрадан сокку урду


Ростов облусундагы мунай базада тутанган өрт. 28-август, 2024-жыл. Социалдык тармактардан алынган сүрөт.
Ростов облусундагы мунай базада тутанган өрт. 28-август, 2024-жыл. Социалдык тармактардан алынган сүрөт.

Орусиянын Ростов облусундагы Каменск районунда украин дрондорунун түнкү чабуулунан кийин "Атлас" мунай базасы күйүп жатканын “Свобода” радиосу геолокацияга таянып тактады.

Ишкана орус армиясын күйүүчү май менен камсыздап турат.

Украиналык учкучсуз учактар ошол эле базага 3- жана 28-августта да сокку урушканы кабарланган.

Өрттүн сүрөттөрүн Astra жана Baza Телеграм-каналдары чыгарышты. Күбөлөр анын алдында жарылуунун добушу угулганын айтышууда.

Аймактын губернатору Юрий Слюсардын айтымында, өрттү өчүрүүгө 100дөн ашуун киши жана 38 даана техника катышууда.

Расмий билдирүүдө база эмес, өнөр жай объектисинде өрт чыкканы айтылган.

Сөз болгон район Украинанын орус аскерлери басымдуу бөлүгүн басып алган Луганск облусу менен чектешет.

Орусиянын Коргоо министрлиги жума күнү Ростов, Краснодар, Белгород, Брянск жана Воронежде, аннексияланган Крымда украиналык 47 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Киев бийлиги жана куралдуу күчтөрү түнкү чабуулдарды комментарийлеген жок.

Ал тапта орус армиясы Украинаны тынымсыз аткылап, жумага караган түнү Одесса облусунда жети киши жарадар болду.

Киевде дрон соккусунан балдар бейтапканасынын имараты зыян тартты.

Орусия кыштын жакындашы менен кошуна өлкөсүнүн энергосистемасын бутага алууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG